5 жаштагы Кыргыз спортчу Умар Марасулов жиу-житсу боюнча Дүйнө чемпиону аталды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында жарыяланган.
Умар Марасулов Москва шаарында 7-8-июль аралыгында орун алган "Absolute Championship Berkut Jiu-Jitsu" мелдешинде алтын медалды жеңип, Дүйнө чемпиону наамына татыды. Марасулов 4-5 жаштагы жана 22 килограммга чейинки спортчулар арасында күч сынашты. Ал алгачкы беттеште орусиялык Александр Петровду упайлар боюнча жеңип, 2-беттешинде орусиялык Артур Бутинетс менен кез келип, муунтуу ыкмасы аркылуу жеңишке жеткен. Жыйынтыгында Умар Марасулов 2 жеңишке ээ болуп, алтын медалды тагынды.