2005-жылы 10-июлда Кыргыз мамлекетинде президенттик шайлоо өтүп, Курманбек Бакиев жеңишке жеткен. Ал 88,9 пайыз добуш алып, 2005-2010-жылдары өлкөнүн экинчи президенти болуп иштеген.
Бийликке 2005-жылдын 24-мартындагы революциянын аркасынан келген. Алгачкы сааттарында президенттик милдетти Ишенбай Кадырбеков аткарган, андан соң бул кызматты Бакиев аркалаган. 2002-жылы Аксы окуяларынын маалында өкмөт башчы болгон. 2009-жылдын 23-августунда президенттик шайлоодо 6 талапкердин ичинен жеңүүчү болуп чыккан.
2010-жылдын 6-7-апрелиндеги элдик толкундоолор ыңкылапка өсүп чыгып, натыйжада ал 7-апрелде Ак Үйдөн Ош шаары аркылуу туулуп-өскөн айылы Тейитке качып кеткен. Андан соң ал 15-апрелде Казакстан аркылуу Беларуска барган. Азыркы учурда ал Минскте жашайт.
10-июлдун жылнааамасы.