Башкы штаб: "Кырсыкка кабылган тик учак альпинисттерди куткарууга эмес, тамак-аш жеткирүүгө бараткан"

Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак.9-июль күнү эртең менен өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын тик учагы Хан-Теңири чокусуна жакын жердеги Түштүк Эңилчек мөңгүсү тарапка кулап түшүп, ичинде отурган төрт адам жаракат алган. Алардын бири котормочу болсо, үчөө Башкы штабдын аскер кызматкерлери болушкан. Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашеванын SUPER.KG'ге билдиришинче, алар Хан-Теңири чокусунда жүргөн чет өлкөлүк альпинисттерге тамак-аш, дары каражаттарын алып бара жатышкан.

"9-июль күнү кырсыктан жабыр тарткан бир котормочу, үч аскер кызматкери Бишкекке алынып келип, дарыгерлердин колуна өткөрүлүп берилди. Дарыгерлердин айтымында, алардын абалы жакшы. Ал эми жабыркаган адамдар менен бирге эки альпинист дагы келди. Биздин топ аларга тамак-аш, дары каражаттарын жеткирүүгө бара жатышкан", - деди Жарашева.

Ал эми кырсыкка кабылган Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учактын абалы боюнча азырынча маалымат айтыла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
karakulja
2018-07-10 08:25:44
Халтурщики
+1
RUSLAN.KG
2018-07-10 09:57:10
Кыргызстандагы тик учактар бийликтегилердин, чоңдордун, байлардын мергенчиликке чыгуу үчүн гана колдонулат...
Санавиация иштебейт, куткаруучуларда май жок, минобороны сатып же арендага берип салган. Бардак, кыскасы.
+3
taalay25
2018-07-10 10:44:23
Кулап эле журосунор дайым жаны баскан баладай
+3
Mongol1155
2018-07-10 11:01:13
Военный вертолетту мындай учурда колдонуу туура эмес го.Женил вертолетторду сатып алып колдонсо болбойбу?
-2
Va.vasm
2018-07-10 11:56:40
Mongol1155,акча керек
0
didu
2018-07-10 13:23:47
кыйла жыл алдын МЧСке тик учак алабыздеп акча элден акча чогулта баштаганеле ошол эмне болгон админ билип бергилечи
+1
frunze777
2018-07-10 14:57:00
Вертолеттор бизнеске кызмат кылып калды. Ким акча берсе, ошого кызмат кылат. Андан тушкон акчалар сол чонтокторго кетет...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан