"Буга чейин болгон 3 президент тең Молдомуса Конгантиев боюнча пикирин айтыш керек", - деди бүгүн, 10-июлда маалымат жыйынында Азимбек Бекназаров.
"Ошол кездеги тергөө органдарынын куратору катары айтып коёюн, Конгантиев боюнча мен гана эмес, андан берки 3 президент да үн катышы керек. Отунбаева, Атамбаев, азыркы президент да пикирин айтышы керек, айтууга милдеттүү, башка жолу жок. Конгантиевдин иши боюнча тергөө анын ден соолугуна байланыштуу 2010-жылы убактылуу токтотулган, кийин уланыш керек болчу", - деди Бекназаров.
Эске салсак, 6-июлда Молдомуса Конгантиевге 2010-жылы козголгон кылмыш иши экс-министрдин аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан токтотулганын УКМК билдирген.