УКМК эмне себептен Молдомуса Конгантиевдин иши кыскартылганын түшүндүрдү

Молдомуса Конгантиевге 2010-жылы козголгон кылмыш иши Конгантиевдин аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2010-жылы 6-апрелде ал кездеги ички иштер министри Конгантиев маалымат жыйынында Курултайдын катышуучулары мыйзамсыз аракеттерге барбасын деп айтканын тергөө аныктаган.

"Мындан тышкары Конгантиев 2010-жылы 6-7-апрель күндөрү Талас облусунда болгондуктан Бишкектеги кандуу окуяларга таасир эте алган эмес. Конгантиевдин мындай аракеттеринде кылмыштын курамы жок жана мыйзам бузуу катары эсептелинбейт.

Конгантиев 2010-жылы 6-апрелде Таласта алган жаракаттарынан улам ден соолугуна байланыштуу иш боюнча тергөө бир нече жолу убактылуу токтотулган.

2018-жылы 13-июнда жактоочусу Икрамидин Айткулов кылмыш ишин токтотуу боюнча өтүнүч-каты менен кайрылган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
tttalant
2018-07-06 15:39:44
Туура чечим куносу жок окшойт....
+8
Bazake
2018-07-06 17:12:11
tttalant,Атамбаев 2010-жылы эле Конгантиев жазасын алды деп айткан. Азыр ыплас оюн баштады Фарит экоосу
-11
rysik79
2018-07-06 15:42:31
Конгону камаганда эмне актаганда эмне? Азыркы чиновниктер деле ошол эле Акайып менен Бакыйыптын эле кадрлары. Бут баары тен. Качканы качып журот. Нурик Сулайманов дегени да бар Бакыйыптын жол министири ал да акталган имиш.
-2
i1urp
2018-07-06 15:56:54
Соке Бакиевдердин адамдарын чогултканы калды окшойт. Жакында Бакиевдин оздорун актап башташат. АША укмуш алдандын. Сокени колдойм деп, колуна бийлик камчы берип койдун эле, ошол камчынын азабын озун эле эмес башкасы да тартып журот. АША президент болуп турганда, Жээнбеков АШАнын созун суйлоп эле журчу. Эми минтип бир заматта АШАны сатып кетти.
-9
Bazake
2018-07-06 17:07:21
i1urp,Конгантиевди Атамбаев 2012-дылы актаган. Аны президентке шылтабай эле кой. Керек болсо Сапар Исаков менен Аалы Карашевге Бакиевге жакын Молдомусага караганда
+6
nuri1
2018-07-06 18:03:58
Bazake,
Соке Атамбаевди жамандоо саясатын гана жургузуп жатат.
0
Bazake
2018-07-06 19:56:30
nuri1, Президент иш менен Алек. Эмне АШАнын арам иштери ачыкка чыкса да президент куноолуу болуп калабы? Тапкан экенсинер
-1
taalay25
2018-07-07 15:32:06
i1urp,АШАны сатып кеткендей Кыргызстан АША менен Сокенин собственные огороду эмес!!! Мамлекеттик кызматы жеке жактардын кызыкчылыгынан жогору турушу керек
0
bond02
2018-07-06 15:58:58
Туура чечим мен колдойм! Чыныгы эркек, темир генерал экен. Ошончо келтек жесе да бироону сатпай эркекче суйлоду го. А апрельдеги «баатырлардын» эсебин Атамбаев менен эсептешип алышсын кучтору жетсе.
+11
Arti
2018-07-06 15:59:04
Ташы калдыбы Акаев, Бакиеди дагы алып келгиле алар деле митинг болгонда качып кеткен. Кылмыш ишине тийешеси жок.
-1
filis
2018-07-06 16:04:42
Конгантиев Таласты барып басам деп, тантыгы чыкканын эл билет. Конгантиев Максим Бакиевдин кылмыштуу криминалдарын жаап жашырып журчу. 7 Апрель элдин эсинде. Ушул кун болбогондо, азыр Максим Бакиевдин кулу болуп журмокпуз. Сооронбай Жээнбеков 7 апрель окуясынан сабак алыш керек. Азыркы Сооронбай Жээнбековдун жургузгон саясатынан жыргатып деле майнап чыкпай калды. Мындай деп ойлогон эмеспиз. Жон гана коррупцияга шылтап "камоо" саясатын жургузуп жатат
+2
pat12
2018-07-06 16:19:09
Бакиевдин кылмыштуу иштерин ушул Конгантиев бешке жакшы билет. Соке унчукпай аны кое берип койгону адилетсиз. Ушул акыйкатпы. Бекер шайлагам ушул адамга. Конга Максимдин, Жаныштын далай иштерин жашырып журчу. Буга окшогон генералдар толтура, кеп анда эмес. Эн башкысы генералдык чинди акташ керек. Биздин депутаттар саясатчылар кошоматчысынар.
-4
ninja82
2018-07-06 16:41:11
pat12,АША сени кытайдан карызга акча алып кытайдын кулу кылып койо жаздадыго,Максимдин атасы тышкы карызды кыскарткан эле,Максимге эч кандай кул болбойт элен
-3
bekmirzach
2018-07-06 17:13:26
“Айкөл Ала-Тоо” уюму Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовдун саясий куралына айланып калган. Бул кайрылууну деле Ф.Ниязов даярдап бергенинен шегим жок. Эгер Конгантиевдин күнөөсү болсо эмне үчүн 8 жылдан бери аны Атамбаев жоопко тарткан жок? Бул үчүн Атамбаевдин өзүн жазаласа болот. Эгер алардын логикасына таянсак. Бирок, экс-президент буга чейин бир канча жолу “М.Конгантиев өз жазасын алган, аны жазалоонун кереги жок” деп айтып келген. Азыр болсо бул маселени саясий максаты үчүн көтөрүп жатат.
+1
haydarkan
2018-07-06 16:22:05
Молодец срке. Ак эле иштеген инсан деп билемин. Бакиев да ак эле жеринен кеткен ошол убактылуулар эле баштаган элди аткандар да убактылуу окмот башчылары болгон.
+1
pat12
2018-07-06 16:39:00
haydarkan,
Бакиев Ак уйдун башына снайперлерди башына чыгарып алып, элди аттырганын эл билет.
-2
Mamiev
2018-07-06 18:05:46
Мен билгенден чыныгы генерал ушул киши.Азыркыларга окшоп водителден генералга айланган Атамбайыптын заманында.Бул кишини камаганда эмне.Кармалды камалды акталды да.Калп эле Бакийипчилер анан апрель баатырлары эле анырандап чыгып жатышат туура эмес чечим деп.Журот го генералдар Текебаевдин жонокой суроолоруна жооп бере албай
+4
nuri1
2018-07-06 18:07:24
Бакиевдин снайперлери Ак уйдун башынан элди кырып жатканда, Конгантиев Таласты атам деп вертолет менен кетпеди беле. Конгантиев Максимдин коп чырлуу иштерин билет.
-2
Va.vasm
2018-07-07 12:03:44
nuri1,келжиребечи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан