Чүй облусунун Москва районунда "КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен жыйын өтүүдө

Бүгүн, 10-июлда Чүй облусунун Москва районунда "КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен жыйын өтүүдө. Бул боюнча социалдык түйүндөрдө жарыяланды.

Анда партияны тазалоо керектиги айтылууда. Ошондой эле Алмазбек Атамбаевди партиянын төрагалыгынан кетирүү жөнүндө сөз болууда.

Жыйынга катышып жаткан Сагынбек Абдрахманов SUPER.KG порталына билдиргендей, иш-чарага 150гө жакын адам катышууда.

Абдрахмановдун айтымында, бул конференцияда резолюция кабыл алынат.

1. Республиканын бардык аймактарында "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында партиянын кезексиз конференцияларын өткөрүү;

2. Партиянын кезексиз съездин чакыруу;

3. Партиянын саясий кеңешиндеги жана партиядагы татыксыз адамдардан арылуу;

4. Партия мүчөлөрүнүн сунуштарынын негизинде мамлекетти өнүктүрүү программасын кабыл алуу.

Эске салсак, ушул жылдын 31-мартында Бишкекте КСДПнын курултайы өтүп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев партиянын төрагасы болуп шайланган.

Ал эми партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева SUPER.KG порталына аталган жыйын бүткөндөн кийин комментарий бере турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан