IKEA компаниясы кытайлык жаранга жарылып кеткен стакан үчүн 6 миң доллар төлөп берет

IKEA компаниясы Кытайлык жаранга сынып кеткен стакан үчүн 6 миң доллар төлөп берет. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Ван аттуу кытайлык кыз IKEA компаниясынын "Stelna" аталышындагы стаканынан суу ичип жаткан маалда стакан сынып кеткен. Мунун айынан ал маңдайкы бир тишинен айрылып, эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген.
Окуядан кийин Ван компанияны сотко берип 150 миң доллар компенсация төлөп беришин талап кылган. Анын айтымында, ал алган жаракатынан улам 12 жолу ооруканага кайрылганга мажбур болгон. Ошондой эле окуядан кийин ал психикалык жактан травма алып, уйкусу качып кыйналганын кошумчалаган.
Сот компанияны жабыр тарткан тарапка 6 миң доллар акча төлөп берүүгө милдеттендирген. Бирок соттун бул чечими менен Ван макул эместигин айтып, кайрадан сотко кайрыларын билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
vikidiki
2018-07-11 16:54:02
6мин доллар деле жетмек тугул ашат го. Ач коз адамдар бар ушундай.
0
iaau
2018-07-11 17:15:55
Америкада врачтын бир консультациясы 6 мин доллар. Уйкудан чочуп психикалык травма деген соз америкалыктардын жомогу баары ушундай кылышат. Эптеп бири биринен акса ондурмой.
+5
Suzak12
2018-07-11 17:32:55
ИКЕА дуйнодогу ири фирмалардын бири алар учун 6 доллар эч нерсе деле эмес
+7
monster_high_98
2018-07-11 17:38:29
Suzak12,Эми ар тиши сынганга эле 6 мин доллар толой берсе озулоруно эмне калат
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан