Улуу Британия "Facebook" компаниясына айып пул салды

Улуу Британиянын маалымат коопсуздук башкармасы дүйнө жүзүндөгү эң ири социалдык тармак болгон америкалык "Facebook" компаниясына "Cambridge Analytica" менен байланышкан жаңжалга байланыштуу 500 миң фунт стрелинг же 660 миң доллар айып пул салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Бул Британияда азыркы мыйзам менен алып караганда эң жогорку айып пул. Бирок айрым серепчилер жыл сайын 40 миллиард доллар пайда тапкан "Facebook" компаниясы үчүн бул сумма көп эмес деп эсептешет.

Ал арада Европа биримдигинин мамлекеттерди коргоо тууралуу жаңы мыйзамы иштелип чыгып, эрежени бузган компанияга 20 миллион евро же жылдык кирешесинин 4 пайызын түзө турган айып пул салынары күтүлүүдө.

Эске салсак, "Facebook" компаниясына байланыштуу жаңжал ушул жылдын 16-мартында чыккан. Анда "Cambridge Analytica" "Facebook" социалдык тармагынын колдонуучулары тууралуу мыйзамсыз маалымат жыйнаганы аныкталган. Болжолдуу маалыматка караганда, бул компания 87 миллион адамдын, анын ичинде Европа Биримдигинин 2,7 миллион тургунунун жеке маалыматтарын колдонгон. Алар АКШдагы президенттик шайлоо менен Улуу Британиянын Европа Биримдигинен чыгуу тууралуу референдумдагы шайлоодо пайдаланылган деген күмөн бар.

Ал эми "Facebook" компаниясынын негиздөөчүсү, жетекчиси Марк Цукерберг "Cambridge Analytica" жана "Facebook" компаниясынын ортосундагы кызматташтык бузулганын билдирип, Фейсбукка өзү тууралуу маалыматты колдонуучулардын ишенимин кайтарып алуу үчүн чаралар көрүлөрүн айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
PROS
2018-07-15 11:27:11
Улуу Британия дебей жөн эле Британия десек болот го! Алар өздөрүн "улуу" атап алышкан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан