"10-класста окуган кызымды белгисиз балдар зордуктап кетти" дейт кимге кайрылар айласын таппаган эне

"10-класста окуган кызымды белгисиз балдар зордуктап кетти" деген билдирүүсү менен SUPER.KG порталына Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылынын тургуну Г.Б. аттуу айым кайрылган.

Анын айтымында, 12-июль күнү белгисиз 2 жигит анын Ө.к.А аттуу кызын унаага салып кетишкен.

"Кызым өзү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жакшы сүйлөй албайт, 12-июль күнү кызымды белгисиз 2 жигит унаага салып кетишкен. Кызымды издеп жүрүп 13-июль күнү түнкү саат 02:00дөр чамасында кошуна Жетиген айылында жайгашкан мүрзөлөрдүн арасынан таптык. Кызымды тапканда ал ур-токмокко алынганын көрдүк. Моюнунда муунткандан калган тактар жана көзү көгөрүп шишип калыптыр. Кийин кызым аны уурдап кеткен балдар зордуктаганын айтты", - дейт Г.Б.

Кордук көргөн кыздын апасынын айтымында, алар милицияга арыз жазып кайрылышкан. Жыйынтыгында Чоңко айылынын 2 тургуну кармалган. Ал эми судмедэкспертиза, тактап айтканда, гинеколог кыздын зордукталбагынын айтып жыйынтык чыгарып берген.

"Гинеколог кызымды текшерүүдөн өткөрүп ал зордукталган эмес деген жыйынтык чыгарды. Ал эми кызым аны унаага салып кеткен балдар зордуктаганын айтып жатат. Мен экспертизанын жыйынтыгы туура чыкканына күмөнүм бар. Азыркы тапта биз Токтогул райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө дарыланып жатабыз", - дейт Г.Б.

Жабыркаган кыздын апасы тийиштүү органдар ишти өз көзөмөлүнө алып ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызына кордук көрсөтүп зордуктаган адамдарды камакка алуусун суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Jelezo
2018-07-14 12:33:07
Быча турган мыйзам киргизиш керек болчу
+7
kechirmeni
2018-07-14 12:36:15
Кудайым ай не деген жаман корунуш, Кудайым аларга озун жардам бер кыз жакшы болуп кетсин энесине сабыр, анан тигилер (эмне деп аташты да билбей жатамын)тез эле жазасын алат буюрса
+4
Sezimim...
2018-07-14 12:43:25
Адамдар эмне айбандан айырмабыз калбай калдыбы?- деп жазайын десем...Айбандар да мындай арамчылыкка барбайт.Зордуктабаса майып кызды неге алып качат.Аялдыкка алып качса уйуно алып бармак эшектер.Адамдар ушунчалык мээрими жок, тушунугу пас, ыплас болуп кеттикпи?...Жакшылык корбогуло бироого корсоткон жамандыгынар оз башынарга он эселеп кайтсын...
+6
Kymbatym
2018-07-14 12:47:07
Алла жазаласын өмүр бою ошол жери жарабай майып болуп үйлөналбай балалуу болбой калышсын
+6
engel
2018-07-14 12:56:30
Кунуго бироо зордукталды деген кабар? Бул эмне деген жашоо болуп баратат озу? Закон деген кана? Эмне эч ким эч кимден коркпой калды?
+4
senchi
2018-07-14 13:48:36
Кыскасы лохтор экен нормалный эркек нормалный кызга тийишет, майыпка тийишкен бул балдар лох дегенге да татыбайт
+5
melashka
2018-07-14 14:02:24
Горун куйгур бети жок энеден туулбаган эшектен туулган мал кандай колун барды!
+2
urmat94
2018-07-14 14:05:29
Кундо зордукталды дегенди окуп калдыкго тез арада жаны закон киргизиш керек зордукчуларды бычып ташташ керек эмнеге бийлик реакция кылбайт же аларга маалымат жетпейби
+3
JackTheRipper
2018-07-14 15:28:06
Мындай жанылыктарга тан калбай эле койгула... Кыргызстандын "уровени" ушул!!!
+2
nurhan2702
2018-07-14 17:37:42
Жашабагырлар,эки дуйно каргыш тийсин акмактар
+2
as-salam
2018-07-14 20:08:37
Чубак ажы айткандай кундо асынып олду зордуктады деп журналистер жазып жатса адамдын психологиясы да бузулат ошон учун жакшы жанылыктардан жазсанар башка мамлекеттин сайттарынан окубайсын мындай жанылыктарды
-1
guli.82
2018-07-14 21:06:49
Ооба кудай озун сактай кор,баардык жамандык кырсыктардан, баарыбызда кыз бар, эшике чыгарыштан коркосун, биздин депутаттар эмне кылып отурушат тушунбойсун, Бир Чон закон кабыл алганы деле билинбейт, мындай зордуктагандарга тезиреек закон кабыл алыш керек, бычып салуу боюнча, Эй экспертизада иштегендер, кудайдан коркулачы кичине, Бул дуйно убактылуу
0
monster_high_98
2018-07-15 10:16:08
Кыздар озу кочодо норма баса алабызбы эми,коргойт деген кыргыз жигиттерине ишенсен кылганы бул,тоба,силерди тарбиялагандарга РАХМАТ!
0
aerforce
2018-07-15 18:11:03
Айбандар ошол жериңер өмүр бойу шал болсун
0
kadam
2018-07-16 11:00:32
Омбудсмендин түз телефонуна чалгыла.Бишкекке келгиле, жардам беребиз.0312-45-06-34- Балдарды коргоо борбору.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан