АКШнын президенти Дональд Трамп менен Меланья Трамптын кечеге кийип барган кийими талкууга алынды

АКШнын президенти Дональд Трамп менен биринчи айым Меланья Трамп сынга кабылды. Тагыраагы, британиялык саясатчы Марк Уоллес президент менен анын жубайын "Сулуу жана түрү суук" мультфильминдеги башкы каармандарга окшоштурду.

Мындай салыштыруу, окшоштуруу биринчи айымдын Бленхейм сарайына кийип барган көйнөгүнөн улам келип чыккан. Ал аталган мультфильмдеги баш каарман Беллдин кече көйнөгүнө түсү дагы, фасону дагы окшош көйнөк кийип келген.

Мындай окшоштукту дароо байкаган саясатчы Марк Уоллес социалдык тармактагы жеке баракчасына билдирүү жазган.Анын билдирүүсү бир заматта эле 12 миңден ашуун "жакты" белгисин топтогон. Ал эми социалдык тармактын айрым колдонуучулары алардын сүрөтүнөн коллаж жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bond02
2018-07-14 09:53:42
Европада кылаарга иши жок, бири бирин эле карап отурушат экен да колуна фотоаппарат кармап.
+11
Medina87
2018-07-14 10:52:47
Европада жумушсуздарга пособие толонот! А бизде КРда даже бобоктордун пособиясын дурустап толобойт ко, типа; Телевизорун бар, холодильнигин бар ещё МАШИНАН бар турбайбы??!!!- деп!!!!
+20
Aruwka.89
2018-07-14 16:49:53
Уш Меланья немка эмеспи
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан