Пакистандагы жардыруудан 90дон ашык адам каза болду. Арасында депутаттыкка талапкерлер да болгон

Пакистандагы жардыруудан 90дон ашык адам каза болду. Каза болгондордун арасында депутаттыкка талапкерлер дагы болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жардыруу 13-июль күнү Кветта шаарында болуп, аны жан кечти ишке ашырган. Бул жардыруудан 85тей адам каза болсо, 200гө чукул адам жаракат алган. Полициянын маалыматы боюнча каза болгондордун ичинде 25-июлда өтө турган парламенттик шайлоого катышып жаткан Сираж Раисани да бар.

Экинчи жардыруу парламенттик шайлоонун талапкери Акрам Хан Дурраниге карата уюштурулуп, ал жардырууудан 5 адам көз жумса, 30 адам жаракат алган. Ал эми дагы бир талапкер Хан Дуррани бул жардыруудан аман калган.

Жардырууну кимдер уюштурганы азырынча белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Istina1000
2018-07-15 00:12:11
Ээ Аллахым, адамдарга озун ынсап бере кор
0
admin_superstan
2018-07-16 12:07:57
Nibiru.,
Порталдын колдонуучулары арасында түшүнбөстүк жараткан билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан