Бишкекте 3 күндөн бери 2012-жылы туулган П.М. аттуу бала дайынсыз болуп суу астынан изделүүдө. Жакындарынын 16-июлда SUPER.KG'ге билдиришинче, бала Чоң Чүй каналына түшүп кеткенин кошунасынын баласы айтып келген. Алар дароо милицияга, куткаруучуларга жардам сурап кайрылышкан.
"Бала дале табыла элек. Азыр милиция жана суучулдар тек гана суу астынан эмес, бардык жайдан издеп жатышат", - деп айтышты жакындары.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баланы табуу үчүн 15-июлда жалпы 9 куткаруучу тартылып, бирок жыйынтык болбогондуктан бүгүн кайра улантып жатышканын кабарлады.