Орусиянын Москва шаарында эки Кыргыз жараны 29-декабрда дайынсыз жоголуп, биринин жансыз денеси 30-декабрда, экинчисиники 7-январда суудан табылган. Кылмыш ишине күнөөлүү делип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов 16-июлда өткөргөн маалымат жыйында SUPER.KG'нин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, учурда кармалган адам Москвадагы абактардын биринде камалып отурат.
Эскерте кетсек, Орусиянын Москва шаарында 29-декабрдан бери изделип жаткан 1980-жылы туулган Искендер Жолборсов жана 1981-жылы туулган Мурат Маматалиев аттуу эки Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылып, киши колдуу болуп каза болгону белгилүү болгон.
Мураттын артында эки уул, бир кызы, Искендердин артында бир уул, бир кызы калды. ИИМдин маалыматына ылайык, Искендер Жолборсов 2015-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган.