ЖЫЛНААМА, 18-ИЮЛЬ: "Тентимиштер", "Форсаж" тасмалары аркылуу белгилүү болгон америкалык актёр, продюсер жана режиссёр Вин Дизель 51 жашка толду

Америкалык актёр, продюсер жана режиссёр Вин Дизель (чыныгы аты Марк Синклер) 51 жашка толду. Ал 1967-жылы 18-июлда АКШнын Калифорния штатында туулган.

Вин Дизелдин жаш кезиАктёрлук кесипке кичинесинен кызыккан Вин 7 жашынан тарта өзү теңдүү балдарды чогултуп, алар менен ар кандай образдарды аткара беришчү. Бир күнү анын жашаган жерине спектакль коюп келген режиссёр айым Виндин аткарган образын байкап, өзүнүн колундагы сценарийди берген. Аны ийине жеткире аткарган Вин ошол күндөн тарта чакан спектаклдерде роль жаратып, күнүнө 20 доллардан гонорар алып турган.17 жашка толгондо театрдан жетиштүү каражат таппасын түшүнүп, кино тармагына кызыга баштаган. Карьерасы үчүн чыныгы Марк Синклер ысымын Вин Дизелге алмаштырып, чачын кырдырып салган. Бирок, тилекке каршы, алгачкы жылдары анын актёрлук талантын эч ким деле баалаган эмес. 1997-жылы чыккан “Тентимиштер” (“Бродяги”) тасмасынан соң гана атагы чыгып, белгилүү кинорежиссёрлор тарабынан байма-бай сунуштар түшө баштаган.Актёр катышкан белгилүү тасмалар: “Форсаж”, “Таз бала багуучу”, “Жалгыз”, “Мени кылмышкер катары кабыл алгыла” жана башкалар.
Вин Дизелдин жеке жашоосуна кайрылсак, 2008-жылы сүйүктүүсү мексикалык фотомодель Палома Хименес актёрго кыз, 2010-жылы уул төрөп берген. Ал эми 2015-жылы кайрадан кыздуу болуп, аны “Форсаж” тасмасынын каарманы, жол кырсыгына кабылып мезгилсиз дүйнөдөн кайткан актёр Пол Уокердин урматына Полин аташкан.


18-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан