Adidas фирмасы эми иштелип чыккан желимден кийим тигет. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта компания полиэстер материалынан кийим тигүүдө. Полиэстерден тигилген кийим бат кургайт. Бренд 2024-жылы кийим чыгарууда жалаң гана иштелип чыккан желимди колдонорун жана полиэстерден баш тартарын айткан.
Жаңы программага ылайык, компания ушул жылдан тартып эле 40 тоннага чейинки желимди үнөмдөйт. 2019-жылдын жай айларында бренд өзүнүн продукциясынын 41 пайызын иштелип чыккан полиэстерден даярдайт. Ошондой эле компания ушул жылы иштелип чыккан желимден 5 миллионго жакын бут кийим чыгарууну пландоодо.