Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 6 жаштагы бала дале табыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бүгүн, 18-июлда да издөө иштери башталып, ага 70 суучул тартылды. Ал эми баланы табуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чоң Чүй каналындагы суунун деңгээлин азайтуу боюнча Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине кайрылып, учурда суунун деңгээли төмөндөтүлдү.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын 2012-жылы туулган П.М. аттуу тургуну 13-июль күнү Чоң Чүй каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, ошол учурдан баштап издөө иштери башталган.
Жакындарынын айтымында, бала сууга бутун жуумакчы болуп жатып түшүп кеткенин коңшусунун баласы көрүп калган.