Коомдук саясий ишмер, "Замандаш" ассоциациясынын негиздөөчүсү Мухтарбек Өмүракунов көзү тирүү болгондо 53 жашка чыкмак. Ал 1965-жылы 19-июлда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда туулган. Апасы кош бойлуу кезинде Мухтар Ауэзовдун чыгармаларын таасирленип окугандыктан, уулуна Мухтар деген ысымды ыйгарган. Балалыгы кадимки элеттик балдар көргөн турмуш менен өткөн. Жазында чүкө ойноп, жайында чөпкө барып дегендей. Мухтарбек Өмүракунов 1989-жылы Фрунзе Политехникалык окуу жайынын инженер-курулуш факультетин бүтүргөн. Ал учурунда Орусияга каттап жүрүп бутуна турган адам эле. Кичинекей чүрпөсү менен үйү жок, батирден батирге көчкөн, ылай тебелеп үй тургузган, Орусиянын ызгаардуу суугундагы мээнеттүү күндөрүн мындайча баяндачу: “Менин ошондогу тагдырым бүгүнкү күндө миңдеген кыргыздардын башынан өтүүдө. Чет жерде жүргөн күндөрдү эстесем, азыр да көзүмдөн жаш тегеренип кетет. 1993-жылы Орусиянын Новокузнецк шаарына барып, ишим жүрбөй көрбөгөн азапты көрдүм. Милиция, рэкет, айтор, канча кемсинтүүдөн өттүм”. Өзү да эмгек мигранты болуп, азап-тозокту башынан өткөргөн адам катары чет жердеги мекендештерибизге жардам кылуу максатында 2003-жылы “Замандаш” ассоциациясын түзгөн.
Мухтарбек Өмүракунов 2011-жылы 25-апрелде Кубага эс алууга аттанып, Варадеро курорттук аймагында жайгашкан “Салеман” отелине токтогон. 30-апрель күнү бийиктиги 3 метрлик океан толкуну жээктеги адамдарды сууга алып кирип кетип, алардын арасында Мухтарбек Өмүракунов да болгон. 30-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:30да анын жансыз денеси океандын жээгинен табылган. Сөөгү 4-май күнү Кыргыз жергесине алынып келип, 5-май күнү акыркы сапарга узатуу зыйнаты болгон. Ал эми 6-май күнү кичи мекени Ат-Башыга коюлган. 46 жашында дүйнө салган коомдук ишмердин артында 7 баласы калган.