Ноокен районунун 46 жаштагы Айчүрөк Бабашова аттуу тургуну 1 айга жакын убакыттан бери дайынсыз болуп изделүүдө. Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан SUPER.KG'ге 18-июлда кабарлашкандай, Бабашова 20-июнь күнү саат 06:00дөр чамасында өзү жашаган Ноокен районунун Момбеков айыл аймагындагы үйүнөн эч себепсиз чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Ал буга чейин дайынсыз жоголуп кетип, кайра табылган.
Боюнун узундугу: 170-175 сантиметр, ак жуумал, чачы желкесине чейин, кара түстө.
Өзгөчө белгилери: психикалык жактан жабыркайт, 2-топтогу майып.
Үйдөн чыгып бараткан учурда үстүндө кызыл түстөгү көйнөк, кара түстөгү юбка, бутунда кара түстөгү бут кийим болгон.
Сүрөттөгү адамды көргөн билгендер болсо 0777 44 31 11, 0558 20 21 42 номурларына чалып кабарлап койсоңуздар болот.