Абдикайым Жусубалиев: "Кармалган кафедра башчынын үстүнөн арыз жазган бүтүрүүчү дипломду өзү жазган жана бешке окуган кыз болгон"

ара алууга шектелип кармалган кафедра башчысы дипломдук ишти бешке жактаган бүтүрүүчүнүн ишине жазылган пикирде жетекчинин колу жок экенин айтып, анын баасын жокко чыгара турганын айткан"- деп SUPER.KG порталына КУУнун cоциология жана коомдук иштер кафедрасынын мурдагы башчысы, учурдагы мугалим Абдикайым Жусубалиев билдирди.

Анын айтымында, кафедра башчысынын үстүнөн арыз жазган бүтүрүүчү дипломду өзү жазган жана бешке окуган кыз болгон.

“Бүтүрүүчүнүн дипломдук иши коргоого киргенге чейин анын жетекчисинин жана кафедра башчысынын коргоого киргизилсин деген колу болгон. Бирок дипломдук ишке баа берүү тууралуу пикирдин иштелип бүтө элек үлгүсүндө жетекчинин колу болуп, негизгисинде колу жок болуп чыккан. Анткени ал убакта бүтүрүүчүнүн жетекчиси жакындары каза болуп Өзгөнгө кеткен. Кафедра жетекчиси анын дипломду бешке жактаганына карабай жетекчинин колу жок экенин айтып, "бааны жокко чыгарам" деп пара талап кылган. Пара алууга шектелип жаткан кафедра жетекчиси бизге декабрь айында келген”, - деди кафедранын окутуучусу.

Айта кетсек, 18-июлда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Кыргыз улуттук университетинин кафедра башчысы пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген.

ЖОЖдо диплом жактоо 400 доллар турабы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Cleo-13
2018-07-19 08:18:17
Напсисин тыйбаптыр да , ушинтсем бере койот деген го
+3
JYRT
2018-07-19 09:35:21
Коррупция менен кармалгандардын копчулугу чыгып кетип жатпайбы анан кайдагы бизде онугуу болсун мамлекетибизде Эми Бир шылтоо таап туруп бошотот кайра эле жумуштамын чыгат кайра эле коррупция
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан