ЖЫЛНААМА, 20-ИЮЛЬ: Бразилиялык модель Жизель Бундхен 38 жашка толду

Бразилиялык модель Жизель Бундхен 38 жашка толду. Ал 1980-жылы 20-июлда Бразилиянын түштүгүндөгү Оризонтина шаарында туулган. 14 жашынан тарта моделдик кесипке аралашып, атактуу “Versace”, “Dior”, “Victoria's Secret” мода үйлөрү менен көп убакыттан бери иштешип келген. Моделдик иштен сырткары өзүн “Нью-Йорктук такси” жана “Прадо кийген азезил” тасмаларында сынап көргөн. Учурда “Gisele Intimates” маркасы менен ич кийимдерди чыгарып, анын жарнамаларына өзү тартылып жүрөт.

Модель 2000-2005-жылдар аралыгында Голливуд актёру Леонардо Ди Каприо менен сүйүү мамилесинде болгон. Бирок 2009-жылы Томас Брэди аттуу футболчуга турмушка чыгып, азыр түгөйлөр 2 баланы тарбиялап келет.

20-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан