Күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугу: Алмаз Сманбеков жана Кунай Нурдавлетов коло медалдарды тагынды

Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда эркин күрөшү боюнча мелдеште Кыргыз балбан Алмаз Сманбеков жана Кунай Нурдавлетов коло медалдарды тагынды.

Алмаз Сманбеков 57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттешинде япониялык Хюга Танигучини утуп алган. Чейрек финалдык беттеште Кыргыз балбаны өзбекстандык Гуломжон Абдуллаев менен кез келип, тилекке каршы, жеңилип калды. Бирок өзбекстандык балбан финалга аттанып, Алмаз Сманбековго коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берди. Анда Сманбеков кытайлык Ванху Зои менен күрөшүп, аны 5:0 эсеби менен утуп алды.

97 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Кунай Нурдавлетов чейрек финалдык беттеште Түркмөнстан спортчусу Зиямухаммет Сапаров менен кездешип, анын үстүнөн 8:5 эсеби менен жеңишке жеткен. Жарым финалда Нурдавлетов казакстандык Серик Бакытхановдон утулуп калып коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Анда Кунай Нурдавлетов өзбекстандык Умид Жураев менен кездешип, аны 3:1 эсебинде жеңип алды.

Муну Кыргыз балбандар Кыргыз капчыгына коло медалдарды алып келди. Буга чейин эркин күрөш боюнча Кыргыз курамасынан Эрназар Акматалиев күмүш медалга ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан