Биз социалдык тармакта

Чыныбай Турсунбеков: "Акун" пансионатында 3 куткаруучу иштейт"

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча пикирин билдирди.

"Акун" пансионатында негизинен 3 куткаруучу иштейт. Эрежеге ылайык, 2 куткаруучу көлдүн жээгинде турушат. Бири тамактанууга кеткенде экинчиси күзөттө турат. Ал эми журналист сууга чөккөн маалда куткаруучулардын кайда болгондугун видеобайкоодон карап, текшерип жатабыз. Видеокөзөмөлдөн көрүнгөндөй жанындагылар Уланбек Эгизбаевдин сууга чөгүп баратканын байкаган эмес. Көлдүн жээгинде отурган келинчеги деле көргөн эмес. Бул деген кырсык. Куткаруучулар ошол эле жерде болгон. Ошон үчүн барып, жүрөгүнүн кагышын текшерип, биринчи жардам көрсөтүп, "Тез жардам" кызматын чакырышкан. Уланбек Эгизбаев суунун терең жеринен чөккөн эмес, тескерисинче, ал сүзө албагандыгы үчүн тайыз жерден эле чөгүп кеткен. Ал жер сүрөткө тартып алынды. Терең делген жер эки пансионаттын кошулган жери. Куткаруучулар дал ошол жерде турушат. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - дейт депутат Турсунбеков.

Ошондой эле Чыныбай Турсунбеков буга чейин сууга чөккөндөр болгону менен, куткаруучулар аларды сактап калганын кошумчалады.

"Буга чейин сууга чөккөндөр болгон. Бирок куткаруучулар өз иштерин аткарып, аман алып калган. Ал эми Уланбек Эгизбаевдин киши колдуу болуп каза тапты дегенин тергөө далилдеши керек. Биз дагы тапшырма бердик, ошол жердеги окуяны көргөндөрдөн, уккандардан көрсөтмө алынып, видеобайкоо дагы тергөө кызматкерлерине өткөрүлдү", - дейт ал.

Эске салсак, 22-июлда белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев көлгө чөгүп каза болгон. Белгилей кетүүчү жагдай, Уланбек Эгизбаев бир нече күн мурда социалдык тармактагы баракчасына белгисиз адамдардан анын атына 2 бош конверт келгенин жазган. Буга байланыштуу ал билдирүүнү улай бош конверттер ууландырылган болушу ыктымал же эскертүү, коркутуу иретинде жөнөтүлгөн болушу мүмкүн деген комментарийлер жазылган.

Белгилей кетсек, "Акун" пансионаты депутат Чыныбай Турсунбековдун жубайы Нуржан Тентимишова жетектеген "Акун" компаниясына карайт.

Жаш Журналист Улан Эгизбаев калың журтту кайгыга салып кете берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Kyrgyz_bloger
2018-07-23 12:42:57
Келинчеги дагы коргон эмес дейт мындай болушу мумкун эмес
+11
Mongol1155
2018-07-23 12:49:25
Биринчи жардамды куткаруучулар туура кылганда мындай болмок эмес.Жон эле актангандын белгиси.Бирок ар-бир жаран озуно сак болгону жакшы.Булар акча алганды эле билет.
+9
altyn7776
2018-07-23 12:57:55
Жабып салыш керек мындай пансионатты. Сабак болбосо чого берет эс алуучулар. Чыныбековдун мындан кылы кыйшайбайт. Бул пансионатты да варвардык жол менен тартып алган го, билсенер керек. Бакиевдердики деген шылтоо менен...андай болсо Акун фирмасы канча токту окмотко жана кандай салыктарды тогуп келет...баарын такташ керек...суроолор коп
+9
tram-lam
2018-07-23 13:02:29
Жеке пансионаттар акчаны коп алганы менен коопсуздукту камсыздай алышпайт окшойт. Биз "Алтын Кум" пансионатында болдук, кируу акысы 20 сом, бироого бир нерсе болду дегиче куткаруучулар (бироо эмес, бир нече) 1-2 мунотто жетип бараарын оз козум менен кордум. Алган акчасын актабайбы?
+5
Mers124
2018-07-23 13:20:10
Алганы 300 сом. Куткаруучу жок. Ар бир чөккөн кишиге пансионаттын ээси компенсация төлөп бериши керек. Ошондо куткаруучуну көзөмөлдөп калышат
+9
Snejana
2018-07-23 20:04:39
Mers124,туура. Компенсация толонуш керек.
+4
rysik79
2018-07-23 13:23:07
Ичим аябай ачышты угуп алып.
+4
naziman
2018-07-23 13:25:51
жыл сайын барабыз колго, бир да куткаруучу корбом го мен
+6
Kirajsjk
2018-07-23 13:51:15
Bul adam nege chiypiliktap atat, Akun ponsionati je uwunukubu,alardi aktap.Tuura kalistik sozun aitsada.
+4
Dembele84
2018-07-23 14:21:50
Бул Чыныбай болушунча аракет кылат эми актанып ар нерсени айтып.Версиялар ар башка болуп жатат,кечээ аялы жатаканада болгондо озу чыгып сууга тушуп чогуп кетти деп,бугун аялы жээкте отуруп корбой калыптыр деп.ХХХХХХХХХХ
+7
Nursbaike
2018-07-23 15:07:55
Куткаруучулар жоопкерчилик эмне экенин билишпеген жандар экен.
+4
marmiladka9
2018-07-23 17:26:06
кечээ эле чоккон маалда келинчеги эс алган болмодо деп атышпай беле
+5
urmat-77
2018-07-24 08:33:44
Бул Чыныбай крокодил СДПКдан.Булар кыргыз элине жакшылык кылбайт.Жакшылап сураш керек.
+1
azusha2017
2018-07-24 09:20:18
кантип эле сузгонду билбесин ой Кудай калп айтпагыла
+1
Karakash
2018-07-24 10:34:57
Уланды атайын сууга чоктуруп олтурушту.
+1
Rasul94
2018-07-24 18:22:29
Былкылдап алып ушул Чыкеде да иш коп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан