Биз социалдык тармакта

Чыныбай Турсунбеков: "Уланбек Эгизбаев менен мурдагы күнү кечинде бетме-бет отуруп сүйлөшкөнбүз"

Депутат Чыныбай Турсунбеков маркум журналист Уланбек Эгизбаевди Бишкекте өткөн эскерүүдө акыркы жолу аны менен бетме-бет отуруп сүйлөшкөн адамдардын бири экенин айтып өттү. Анын айтымында, Эгизбаев ага телефон чалып, учурашып кетүүнү өтүнгөн.

"Менимче, Уланбек менен эң акыркы жолу бетме-бет отуруп сүйлөшкөн мен жана менин үй-бүлөм болсо керек. Мурдагы күнү кечинде Уланбек мага телефон чалып, "байке, каяктасыз? Учурашып кетейин" дегенинен "бир сааттан кийин кел, поэзия тууралуу сүйлөшөлү" десем келген. Мен ага которуп жаткан бир топ ырларды окуп берип, андан кийин социалдык маселелерди, жокчулукту, коррупцияны талкууладык. Коррупцияга келгенде ал көп нерсени биле турганына күбө болдум. Ал мага Кыргыз мамлекетинин кайсы жеринде коррупция бар экенин, изилдегенин, натыйжада эмне тапканын айтып берген эле. Өзгөчө Кыргыз мамлекетинде "коррупциянын символу" ким экенин, аны жоготмоюнча коррупция жок болбой турганын айткан.

Мен азыр төгүлүп-чачылып айтып жаткан сөздөрүн аягына чейин уксам болмок экен деп өкүнүп отурам. Уланбек өзүнүн жеке кызыкчылыгына келгенде өтө уяң, тартынчаак жигит болсо, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына келгенде оттон, суудан тартынбай турган азаматыбыз эле. Уланбектин иш аракетине дем бере турган биз элек, тилекке каршы, ал жагынан бизден кемчилик кетти. Кош, Уланбек! Негизгиси, келинчегиңдин боюнда бар экен. Аман-эсен көз жарып сенин тукумуңду уласын", - деп эскерди Турсунбеков.

Эске салсак, 22-июлда белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев көлгө чөгүп каза болгон. Белгилей кетүүчү жагдай, Уланбек Эгизбаев бир нече күн мурда социалдык тармактагы баракчасына белгисиз адамдардан анын атына 2 бош конверт келгенин жазган. Буга байланыштуу ал билдирүүнү улай эскертүү, коркутуу же ууландырылган болушу ыктымал деген комментарийлер жазылган.

Жаш Журналист Улан Эгизбаев калың журтту кайгыга салып кете берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
jalguzum
2018-07-23 17:22:46
ХХХХХХХХХХ Улан өзү да жакшы билсе керек журналист үчүн суу эн кооптуу эле. Атайын уюштурулган бул. Кантип эле ошончо күндөн бери чөкпөй кетеер күнү чөксүн.
+13
Azat.97
2018-07-23 17:51:42
jalguzum, ХХХХХХХХ Эгер сууга озу чогуп олду болсо Кыргызстанда адилеттуулук калыстык жок болот.
+13
admin_superstan
2018-07-23 18:19:50
Azat.97, jalguzum, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынат! Билдирүүлөр түзөтүлдү!
-4
rysik79
2018-07-23 17:38:07
Билбегенден кийин бир нерсе деп айта албайт экенсин. Ажал деп эле унчукпай койсон дагы ичин ачышат. Жети баштуу ажыдаардан эле коросун да. Ажыдаар деле копко узабайт анын башын ала турган да адам бардыр. Келинчеги аман эсен коз жарып чындык жарыка чыксын деп тилейли.
+10
boris8907
2018-07-23 17:46:53
Кыныр иш кырк жылда билинет
+3
Kirajsjk
2018-07-23 18:36:10
ким олтуртсо еки дуйно жыргабасын,тукуму жакшылык корбосун.Баардык жаман нерселерди каалайм.
+1
Chagylgan1
2018-07-23 19:33:50
Чыныбай мырза, ачыгын айтчы, Уланбек менен поэзия тууралуу суйлоштунорбу же ХХХХХХХХХ
Ал жигит акын эмес эле го, ага ырларынды окуп бергидей?!! ХХХХХХХХХХХХ
+9
ali96
2018-07-23 21:38:58
Chagylgan1,Озу айтып жатат го... коррупциянын уюгун билчу экен деп!!! Тийиштуу жерге кабарлап койгон чыгаар...Колго кетеерин да билген
да!!!
+5
Hatali
2018-07-23 19:50:55
Эх кандай гана окунучтуу....Аллахым жазасыз койбойт кимдин кылганы болсо да.Байкуш аялына жалко.
+3
Miroslav
2018-07-23 22:39:09
Корупциянын символу ким экенин билген болсо, аны Чыныбайга айтса ошол символго Чыныбай алёоо,алёоо деп шыбырап койбодубу?
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан