Кырчын жайлоосунда жумушчулар IV-V кылымдарга таандык жоокердин көрүстөнүн таап алышты

Кырчын жайлоосунда жумушчулар IV-V кылымдарга таандык жоокердин көрүстөнүн таап алышты. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүлүп жаткан Кырчын жайлоосунда жумушчулар IV-V кылымдарга таандык жоокердин көрүстөнүн таап алышкан.

"Амфитеатр орун алчу жерде курулуш иштери жүрүп жаткан. Ал жакта мурун коргон сыяктуу курулуш бар болчу экен. Жумушчулар алгач эски ат жабдыктарын таап алышкан. Бул буюмдар табылган соң дароо Бишкектен окумуштуу-археологдорду чакырканбыз", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Археологдор казуу иштерин улантып адамдын сөөктөрүнүн калдыктарын таап чыгышты. Алардын айтымында, аталган сөөктөр жана буюмдар IV-V кылымдарда жашап өткөн жоокерге таандык.

Казуу иштерин Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө. Табылган бардык буюмдар музейге өткөрүп берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Azatbek.Svoboda.
2018-07-23 20:41:50
Аныда чоңдор сатып жиберишет.Жэ болбосом табылгандарды тазалаганга чоң суммадагы апаратты кытайдан тендери жок карызга алдык деп чыгышып.Анан бири бирин чукулашып журө беришет иштеп жатабыз коррупциага каршы деп!Чын чынында келгенде өздөрүнүн бизнесин коргоп чоң иште иштеген менен иши жок!Колдорунан бир иш келбейт!Азыр эми коррупция башталып ошону менен элди алаксытып убакыт өткөрмөй!Биринчи кезекте коррупцияны жойуп ошону менен катар мамлекетке да бир пайдалуу иш ачылыш да жасаш керек!
+4
Patoshik1
2018-07-23 21:29:20
Azatbek.Svoboda.,Окмотко асылба,окмот иштеп жатат.шугур кыл
-6
Janyjol.86
2018-07-23 20:55:34
биринчи суроттогу эмне болду экен
0
Janyjol.86
2018-07-23 20:57:24
ал убактагылар темирден кайактан алып узонгу жасашты экен
0
Cherik.777
2018-07-23 21:10:14
Алтындар чыкса кеттида сол чонтокко...
+1
Tansuluu09
2018-07-23 22:04:18
Ооооооотконку мамонттун соогун не кылышты ??????
Изилдоо аягына чыга элек элего
+2
Chagylgan1
2018-07-23 22:29:38
Демек бул жерге амфитеатр куруп кереги жок. Тарыхый казуу иликтоо жургон жер корголууга тийиш...
+3
barsbegKG
2018-07-24 00:07:14
Chagylgan1,Туура. Бирок алар амфитеатрга акча сарптап. Жарымысын жейт. Аларга ошол керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан