Журналист Уланбек Эгизбаевдин бутундагы тактар экспертизадан өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда SUPER.KG порталына Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директорунун орун басары Эрнис Акунов билдирди.
Ал билдиргендей, экспертизанын жыйынтыгы бир айдан кийин чыгат. "Кечээ, 23-июлда маркумдун бутунда көк ала тактар бар же жок экенин аныктоо үчүн анализдердин бардыгын алдык", - деди Акунов.
Эске салсак, маркумдун досу Каниет Жыргалбеков маркумдун эки бутунда тең согончогунун жогору жагында окшош тактар болгонун айткан.
Буга чейин Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору "маркумдун денесинде жаракаттын белгилери жок болгон үчүн анын өлүмүнүн себеби сууга чөгүү болушу мүмкүн" деп билдирген.
Эске салсак, 22-июлда белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев көлгө чөгүп каза болгон. Белгилей кетүүчү жагдай, Уланбек Эгизбаев бир нече күн мурда социалдык тармактагы баракчасына белгисиз адамдардан анын атына 2 бош конверт келгенин жазган. Буга байланыштуу ал билдирүүнү улай бош конверттер ууландырылган болушу ыктымал же эскертүү, коркутуу иретинде жөнөтүлгөн болушу мүмкүн деген комментарийлер жазылган.