Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов: "Таза сууга болгон бааны көтөрүүдөн мурун баарын терең изилдеп чыгуу керек"

Өкмөт таза суунун тарифин жогорулатканы жатат. SUPER.KG порталынын "Элдин эң башкы байлыгын өкмөт элге кымбат сатышы керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов жооп берди.

Ал таза суунун тарифин жогорулатуу актуалдуу маселелердин бири экенине токтолду.

"Суу дегенде аккан суу жөнүндө сөз болуп жаткан жок да. Таза суу жөнүндө сөз болууда. Ичүүчү сууну жеткирүүдө чыгымдар жана башкалар болот. Бааны көтөрүүдөн мурун өкмөт терең изилдеш керек. Бааны көтөрүү Бишкек шаарындабы же бүт Кыргыз мамлекетинде болуп жатабы деген суроо бар. Сууну жеткирүүдө канча кызматкер иштейт? Алардын айлыгы канча? Мына ушуларды терең талдап, жалпы талкууга алып чыгып, элге түшүндүрүү зарыл. Баары такталгандан кийин тапшырма берсе болот. Мен деле суунун кымбатташына каршымын", - деди Ормонов.

Жогорку Кеңештин депутаты Мухтарбек Айнакулов, Айнуру Алтыбаева, Таабалды Тиллаев, укук коргоочу Калича Өмүралиева, экономист Кубан Чороевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан