Өкмөт: "Матраимов боюнча чыккан сот чечимине даттануу болобу же жокпу азырынча белгисиз"

"Райымбек Матраимов боюнча чыккан соттун чечимине даттануу болобу же жокпу белгисиз, бул маселе азыр каралып жатат", - деп SUPER.KG порталына өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

"Бүгүнкү Райымбек Матраимовдун арызын караган Биринчи Май райондук сотунун отурумуна катышкан өкмөттүн өкүлү соттун акыйкат чечимине таянды", - деди Эсенгулов.

Айта кетсек, бүгүн, 25-июлда Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарган.

Эске салсак, Исаков Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Исаковду сотко берген. Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылууда.

Белгилей кетсек, Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде 5-июнда УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
pat12
2018-07-25 11:25:15
Эми Сокенин кошоматчылары баарын тоноп башташат. Коррупцияны Раимден башташ керек болчу. Раимге окшогон чыныгы корруп-р Сокенин кошоматчысы болуп эркин эле журушот. Эгер Раим АШАнын жакын адамы болуп калганда, Соке эчак эле каматып коймок.
+15
Bazake
2018-07-25 11:52:30
pat12, АШАнын кол тийбестиги алынган куну камалат деп жатат Раимди. Иши чогуу экен
-8
Chagylgan1
2018-07-25 13:19:06
Bazake, жомокчу!!! АША менен Раим кошоктолуп байланып калыптырбы?!! Раимдин да кол тийбестиги бар бекен же?!! АШАнын кол тийбестиги алынбаса, Раимди жоопко тартып болбойт имиш... Бул эмне деген сандырактык?!!
+11
bekmirzach
2018-07-25 12:43:48
А. Атамбаев Р. Матраимовду 6-7 жыл бою коргоп, өстүрүп келген. Эмне үчүн? Аны Оштон куулганда эле кайра кызматына алып баруу үчүн 700 миң доллар алган болсо, андан кийин андан айына канча акча алып турганын божомолдой берүүгө болот.
-2
TalaCSKA
2018-07-25 11:41:19
Азыркы бийликте кичине болсо да умутум бар бирок эгер Раим Миллионду кайра кызматына же деги эле мамлекеттик кызматка олтургузса анда 100% умутум очот.
+16
Bazake
2018-07-25 11:53:16
TalaCSKA, Президент ага жол бербейт. Андан Кам санаба
-11
Chagylgan1
2018-07-25 13:20:07
Bazake, Сокен Раимди колдоп жатканын эл корбой билбейт деп элди акмакка чыгарба Соке экоон...
+10
bekmirzach
2018-07-25 12:44:48
Р. Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басарлыгына алып барган да А. Атамбаев жана анын экс-«башкы шоопуру» И. Илмиянов болгонун Р. Матраимов өзү маалымат булактарынын бирине берген маегинде билдирген. Андыктан өзү багып өстүрүп жүргөн Р. Матраимовду эми учурдагы президентке куда кылып жармаштыра берүү ага кадыр-барк деле алып келбейт.
-7
Chagylgan1
2018-07-25 13:21:54
bekmirzach, анда эмнеге Раим миллионерди камап жегенин кустуруунун ордуна кайра кызматына алып келип жатышат ыя?!! Куда болгону учун Соке Раимди колдоп жатканын баары коруп турат го.......
+7
KUMKA
2018-07-25 12:13:25
Сотторго бир кундук кирешесин берсе болду каалаган чечимин чыгарып берет. Соттор акча учун аялын да бироонун тошогуно салып бергенге даяр.
+6
bekmirzach
2018-07-25 12:45:53
. Р. Матраимовдун эл ичинде айтылып жүргөн каймана аты «Раим миллион». Мындай атка ал бекеринен татыган эмес. Демек, байлыгы өтө көп. Муну А. Атамбаев өзү деле жакшы билет. Бизнес менен алектенбестен эле, бажы тармагында иштеп жүрүп миллионер болгон адамды таза иштеген деп айтуу албетте оор. Муну да Атамбаев жакшы билген. Бирок, ал билсе дагы дээрлик 6-7 жыл бою Р. Матраимовду пайдаланып, аны көтөрмөлөп мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басарлыгына чейин жеткирген.
-2
nuri1
2018-07-25 12:14:40
Сокенин чонтогун антарыш керек. Далай деген ууруларды Соке чонтогундо катып журот.
+6
Bazake
2018-07-25 12:44:36
nuri1,Атамбаев менен алмаштырып жатат окшойсун. Жээнбеков АШАнын "чөнтөгүнө" чейин каткан ууруларын четинен камап, астын кустуруп жатат.
-12
Chagylgan1
2018-07-25 13:23:42
Bazake, кимди кустурду?!! Канча кустурду?!! ХХХХХ
Соке Атамбаевдин клррупциялык кочун улантып жатат. Ал айдан ачык...
+2
bekmirzach
2018-07-25 13:31:04
Р. Матраимов өзү маалымат булактарынын бирине А. Атамбаев менен мамилеси абдан жакшы экенин, анын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлык кызматына келишине А. Атамбаев менен досу И. Илмияновдун таасири чоң болгонун айткан.
-3
ali1995
2018-07-25 13:12:08
Ушуну бекер кылтат президент бар абройун тоготда
+11
Azat.97
2018-07-25 14:40:41
Сокенин заманы башталды!Улан байкебиз олду заказ менен суу кымбаттайт,телефонго салык толойбуз,Раим бажы кызматынын башчысы болот
+4
Jigito
2018-07-25 22:42:41
Azat.97,Суу кымбаттаган жок ,Телефонго саалык салынган жок,Раим ишине ордуна кайра барган жок ,Улан С Кудай билет кимдин заказы. ХХХХХХХХХХХ Соке менен Ашанын айырмасы жер менен асмандай.Сен шашба азырынча жакшы кумон кылалы анан корорбуз мен да сага ишенип каламбы же жокбу.Матраимов жегенин билбейм бирок айылына Ошко АшА дан мин эсе кызмат кылг
-4
NURSAPAR
2018-07-25 20:53:55
Раимди иш ордуна койсо анда ХХХХХХХХХХХХХ ишенич калбайт карапайым калктын эле шору
+4
admin_superstan
2018-07-26 12:28:20
NURSAPAR, порталдын эрежелерин сактаңыз! Эскертүү!
0
Medina87
2018-07-25 21:09:20
АШАнын "КЫРГЫЗ КОЧУ" уланууда......
-4
Stels
2018-07-25 22:23:55
Кереги жок,милионерди кайрадан алып келбегиле!!! Жетет ошол милиондору,небере ,чобуросуно чейин.
Камалбай калганына эле суйунбойбу.
Бийлик үчүн өлөсүң го ,акыры.
+5
bond02
2018-07-26 00:31:47
Бул кишинин планы давно эле толсо керек, иш билген жаш кадрлардан койгула эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан