Каза болгон журналист Эгизбаевге келген бош конверт анын иликтөөлөрүнүн биринде катышкан адамга да келген

"18-июлда Кыргыз почтасы аркылуу бош конверт мага да келген" деп бүгүн, 25-июлда SUPER.KG порталына каза болгон журналист Уланбек Эгизбаевдин "Көрүстөндөгү коррупция" иликтөөсүндө маалыматтарды айтып берген Максат Баялиев билдирди.

"Эгизбаевге келгендей кат мага дагы келиптир, мен ал күнү жумушта жүргөм. Үйдөгүлөр телефон чалып "сенин атыңа кат келиптир, ичин ачып көрсөк, эч нерсе жок экен" дешти. "Адашып келип калса керек" деп көңүл деле бурган эмесмин. 22-июль күнү карындашым "Уланбек Эгизбаевге да Кыргыз почтасы аркылуу бош каттар келиптир, интернетте жүрөт" деп айтып калды. Бул маалыматты уккандан кийин саат 19:02де Уланбек Эгизбаевге чалсам өчүк, андан бир аз убакыт өткөндөн кийин эле анын каза болгонун уктум.

Мен Эгизбаевдин "мүрзө боюнча айтып бериңиз" дегенинен макул болуп, бүт баарын көрсөтүп бергем. Кийин ал экөөбүз жолукканда "Мен канча иштин бетин ачтым, бирок мындай болгон эмес. Көрүстөндөрдү тарткандан кийин мага "жөн эле койбойсуңбу" деп чалып жатышат" деп айтып берген. Бул катты биздин үйгө 12-13 жаштардагы өспүрүм бала таштап кетиптир", - деди Баялиев.

Эске салсак, 22-июлда белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев көлгө чөгүп каза болгон. Ал 16-июлда социалдык тармактагы баракчасына белгисиз адамдардан анын атына 2 бош конверт келгенин жазган.

"Менин атыма Кыргыз почтасы аркылуу 2 бош кат келиптир. Бул эмнеси, кокуй? Шадиевден го десем, жөнөтүлгөн жери Бишкек экен", - деп жазган Уланбек Эгизбаев өз билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
bibi87
2018-07-25 14:49:06
Мына сага, бийлик мн черныйлар камыр жумур болуп калган да табакташ болуп, Кыргызстандын келечеги бар деп ойлойсунарбы элдер?
+42
States
2018-07-25 18:14:50
bibi87, Жок ойлобойм ошол учун Кыргызстанды таштап кеткенге туура келген
+15
nazarKGZ
2018-07-25 21:51:37
bibi87, Кыргызстандын келечеги 100%
-5
Bazake
2018-07-25 23:24:43
bibi87,Антип калп айтпачы. Бийлик туз жолдо буйруса
-7
engel
2018-07-25 15:03:45
Предупреждение берген го экооно тен.
+29
Nargiza1987k
2018-07-25 15:22:22
Эшшектер корустондогулорду сурак кылыш керек
+24
Tentek1
2018-07-25 15:31:33
Урматтуу Сооронбай Шарипович,ошол корустон саткандао боюнча иш козготсонуз жакшы болот эле,же ошол корустон саткандарды текшеруу учун комиссия тузсонор жакшы болот эле,мен корустон сатылат десе эч ишенген эмес элем эми ишендим,бул жерде миллиондогон акчалар ойнойт экен корсо,жакшылап иликтеш керек.Же ошол комиссмияга мени кошуп койгулачы ошол жерде иштегендерди бирден текшерип чыгат элек
+21
Hanzada.sabih
2018-07-25 15:38:56
Жараатыбыз айыкпай эле жанылана берет окшойт бул кетиште,ушунун баарын билет депутаттар!!!мэрия билет!корустон саткан ЭШЕКТЕР билет!!!эмне учун унчукпайт??!!!
Аллахым ушул олтургондорго оной олум бере корбо!Мунжу болсун,коздору кор,кулагы керен,колдору шал,тилдери жок болсун!озунун уул кызына кор болсун!!!
+31
Pamirlan
2018-07-25 16:14:45
Hanzada.sabih,Туура жараатыбыз айыкпай койду, ичим эле ачышат, бейкүнөө кеткен боордошторума. Кудай бизге жакшы президент бере кор деп жалынбадык беле,
+14
Dalil
2018-07-25 16:40:20
Hanzada.sabih, булардын баарынын табагы бир. Ошон үчүн үн катпайт. Качан бөлүшө алышпай калганда бири-бирин чукуй башташат же көзүн тазалайт. Элестет 8000 төлөнчү мүрзөгө 100-150 миң сомдон алып жатышса, бийликтегилер кантип билбей калышат. Билет өздөрүнүн "долясын" алып тнургандыктан укпаган киши болушат. Кыскасы бул Сокеден дагы "толк" чыкпайт окшойт. Мындай кылмыштуу жерлерди журналисттер иликтеп чыкканга чейин эле ИИМ менен УКМК таап кылмыш ишин козшоп коюшу керек эле.
+16
taalay25
2018-07-25 16:07:44
Олумтук андыган жоорулар! Илгерки замандан бери кор саткандардын колунан жакшылык келген эмес
+15
Nuri1988Elim2010
2018-07-25 16:40:56
Бул жон гана кырсык деп коюшатат.Себеби,оздору кылды,чондорубуздун колунан эле каза тапты.
Жаткан жери бейиш болот.А олтургон адамдар азырынча жыргалчылыкта жашашынар мумкун,бирок акыретте жооп бересинер созсуз,ал убакта жаап жашыра албайсынар куноонорду.
Уланга алкыш,силерге каргыш.Улан элдин жузу,а силер эл учун бир тыйынга кымбатсынар кан корлор.
+12
Gulnyr19
2018-07-25 16:51:59
Демек бекеринен ушунча эл 3 күндөн бери күйүп сыздап жазган эмес экен көрүстөндөгүдөр кылды деп кечээ ошол берүүнү көрдүм өтө көркунучтуу адамдар түсүнөн эле көрүнүп туратко. Эгерде акчаңардын күчү менен бул дүйнөдө жазадан кутулсаңар тиги дүйнөдө Аллахым миң эсе жазаласын элдин каргышы урсун силерда боздоп эки көзүңөр көр болуп кор болуп өлгүлө. Бирөөдүн чырактай баласын жеп жуттуңар ошончо көз жаш тынч койбосун силерди
+15
Hanzada.sabih
2018-07-25 19:00:13
Корустондо иштеп ошончо олумдон бир да ибрат албапсынар?!силер да олоолунорду билбепсинер!Олбочудой жашап атасынар,бирок,олум ак,бир кун олосунор,мейли эрте,мейли кеч,баары бир олосунор?!Кудай астында кантээр экенсинер?!Кудай астында коргоп берээр тапанчанар болор бекен?сууга тартып кетер суучулдарынар болор бекен?ЖОК!!!ал учурда эч нерсе кылалбайсынар,тозокко отун болосунар!
+13
Pandora
2018-07-26 02:48:45
Чындыгында ошол корустондон тируу эле адамдар оздоруно жай алып,оздоруно хстелик тургузуп койгонун коруп тобо чачым тик турду(((
+2
tram-lam
2018-07-26 10:53:46
Колунан жакшылык келбегендер, ошо корустон саткандардын баары АША нын командасы экенин билип туруп Жээнбековго асыла бербейли да достор. Ушуларды коруп туруп АША ны колдогордорду такыр тушунбойм, Албек Ибраимовду колдогондорду андан бетер тушунбойм. Бийликте отургандар олтургон жок, мурунку бийликтин кылгылыкты кылып, анан бети ачыла баштагандар олтуртту. Сооронбай Шарипович акыйкат иликтоо жургуздуруп берет деп умут кылалы
-2
LoLoPePe
2018-07-26 12:50:17
Акмактар бироонун чырактай баласын олтуруп тындынар, уй-булосунун убалынан коркподунарбы?! кор саткан акмактар, ылайым жакшылык корбой, олсонор жер албай карга кузгунга жем болуп чирип олгуло, кантип ошол кор саткандан тушкон акчаны колдонуп журосунор чириптер, бул жээнбековун деле болбой калды, млндоп жеген тиги акмакты кайра ордуна алып келип койду, бул журналист жонундо баарын коруп билип туруп, иликтетип жазага тарттырса болот эледа.
+1
eddi.
2018-07-26 15:48:24
Уландын жаткан жери жайлуу болсун,үй-бүлөөсүнө сабыр.Ал эми Жанар Акаевге кыргыздын чыгаан жигиттеринен болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан