Жарандык активист Азамат Аттокуров Биринчи Май райондук соту тарабынан Райымбек Матраимовго чыккан чечим боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу ал социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.
"Жээнбековдор менен Матраимовдордун кланы биротоло жуурулушуп бүттү. Жээнбеков кетсин! Ушул коррупционерди кетире албасаңыз, анда башкасын айтпай эле коёлу. Эмне үчүн эл сууга болгон тарифти көтөрүүгө, телефонду каттоодон өткөрүүгө каршы? Анткени эл бийликке ишенбейт. Позитивдүү өзгөрүүлөрдү көрсөтүп, андан кийин бир нерсенин баасын көтөрүү керек. Бул акчанын уурдалып кетерин бардыгы билет. Бардык коррупциялык схемалар бүгүнкү күндө активдүү иштеп жатат деп айта алам", - дейт Аттокуров.
Айта кетсек, бүгүн, 25-июлда Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарган.
Эске салсак, Сапар Исаков Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Сапар Исаковду сотко берген. Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылууда.
Белгилей кетсек, Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде 5-июнда УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынган.