Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети телефондорду каттоодон өткөрүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарганы коомдо кызуу талкууга алынды. Ар бир телефонду каттоодон өткөрүү үчүн 100 сом өлчөмүндөгү каражат төлөө керек. SUPER.KG порталынын "Максимдин 60 тыйынына чыдабаган эл Жээнбековдун 100 сомуна кандай мамиле кылат?" деген соболуна юрист Улан Жумаков жооп берди.
Анын айтымында, президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын төрагасына, ички иштер министрине, сотторго мыйзам чегинде өз иш, милдеттерине ылайык иштөөгө мүмкүнчүлүк берди. "Ошондой эле өкмөткө дагы аткаруу бийлиги толугу менен берилди. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев командасын өзү тандаган. Бардык аракеттери үчүн өзү жооп бериши керек. Бирок акыркы айларда өкмөт экономикалык кризистен чыгуу боюнча натыйжа бербей жатат. Тышкы карыз, бюджеттин тартыштыгы өсүүдө. Өкмөт башчынын командасы суунун тарифин көтөрүүнү чечти. Энергетика тармагында кандай жакшыртуулар бар? Эми өкмөт телефондорду каттоо аркылуу пайда көрөйүн деп жатат. Алар жаңы аппарттар гана каттоодон өтөт деп бизди сооротууда. Бирок биз өмүр бою эски телефон менен жүрбөйбүз да. Каттоодон өткөрүү үчүн төлөнгөн 100 сом телефондордун баасына таасирин бере турганын баарыбыз билебиз. Бул нерсени алар аткезчилик жол менен келген телефондорду алдын алуу деп түшүндүрүп жатат. Эмнеге бул каражатты эл төлөш керек? Өкмөт элдин нааразычылыгын көрүп турса дагы алар менен эсептешпей жатат. Ошондуктан көпчүлүк бул көрүнүштү "Бакиевдердин 60 тыйына" окшоштуруп жатышат. Азыр дагы элдин чөнтөгүнөн акча алуунун бир аз өзгөртүлгөн схемасы пайда болду. Эртең компьютер, ноутбук жана башка техникаларды каттоодон өткөрүү керек деп чыгышабы? Сим-карталарды каттоодон акысыз өткөргөндөй эле телефондор дагы каттоодон акысыз өтүүсү зарыл. Жарандардын чөнтөгүнө уялбастан кол салуу коркунучтуу натыйжа бериши мүмкүн", - деди Жумаков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Искандер Гайпкулов, Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов, экс-депутат Асия Сасыкбаева, саясий серепчи Алмазбек Акматов, мурдагы премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Төралиева, Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин мурдагы директору Эсенкул Момункуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.