Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети телефондорду каттоодон өткөрүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарганы коомдо кызуу талкууга алынды. Ар бир телефонду каттоодон өткөрүү үчүн 100 сом өлчөмүндөгү каражат төлөө керек. SUPER.KG порталынын "Максимдин 60 тыйынына чыдабаган эл Жээнбековдун 100 сомуна кандай мамиле кылат?" деген соболуна Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин мурдагы директору Эсенкул Момункулов жооп берди.
Анын айтымында, бул маселе өкмөткө караштуу, президентке тийиштүү эмес. "Негизи бул төлөмдү элге эмес, телефонду алып келгендерге жүктөсө туура болот. Бирок, албетте, алар кайра эле телефондун баасын көтөрүп элге төлөтөт. Коопсуздукту күчөтүү үчүн ар бир телефонду каттоодон өткөрүү туура деп ойлойм. Бул көп өлкөлөрдө натыйжалуу иштеп жаткан нерсе. Бирок өлкө аймагына жаңы кирген телефондор үчүн гана акы алып каттоодон өткөрүү зарыл. Ал эми элдин колдонуп жаткан телефондорун акысыз каттоо керек. Ошондо эл колдонуп, бул нерсенин артыкчылыктарын түшүнгөн соң туура кабыл алып, бул долбоорду колдоп кетишмек. Ал эми өлкөгө кирген коноктордун телефонун 3 күндөн кийин өчө тургудай кылып убактылуу каттоого алып койсо туура болот", - деди Момункулов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Искандер Гайпкулов, Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов, экс-депутат Асия Сасыкбаева, саясий серепчи Алмазбек Акматов, юрист Улан Жумаков, мурдагы премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Төралиеванын пикири төмөнкү шилтемеде.