Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовду кызматына кайра коюу боюнча чыгарган чечимин түшүндүрдү. Бул тууралуу Жогорку Соттун тараткан билдирүүсүндө айтылат.
Билдирүүгө ылайык, Матраимовго коюлган айыптар далилденген эмес жана дисциплинардык жазага тартуу боюнча кызматтык иликтөө менен дисциплинардык комиссиянын жыйынтыгы жок. Матраимов кызматтан алынган учурда, тагыраагы, 2017-жылдын 21-ноябрынан 29-ноябрга чейин дарыланып жаткан. Ал мыйзам нормаларын бузган эмес жана аны Бажы кызматынын төрагасы тарабынан кызматтан алуу тууралуу билдирүү болгон эмес.
Райымбек Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп өкмөттү сотко берип, утуп алган. SUPER.KG порталы "Матраимов боюнча чыккан соттун чечимине даттануу болобу" деп өкмөткө кайрылганыбызда соттун чечими өкмөткө келе электигин билдиришти.
25-июлда Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарган.
Эске салсак, Сапар Исаков Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Сапар Исаковду сотко берген. Райымбек Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылган эле.