Юрист: "Телефондорду каттоо боюнча токтом долбоору мыйзамга каршы келет"

Өкмөттүн уюлдук телефондордун IMEI-кодун каттоо боюнча токтом долбоору өлкөнүн мыйзамдарына каршы келет. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда SUPER.KG'ге "Адилет" укуктук клиникасынын юристи Искендер Какеев билдирди.

Анын айтымында, телефондордун IMEI-коду бул байланыш каражат эмес, ошон үчүн аны каттоодо 100 сом алуу мыйзамга каршы келет.

"Өкмөт тарабынан сунушталып жаткан бул токтом долбооруна биз укуктук талдоо жүргүзүп көрдүк. Талдоонун жүрүшүндө долбоордо жеке маалыматтардын коопсуздугуна коркунуч туудурган жагдайлар бар экени белгилүү болду. Ошондой эле алар сырттан алып келинген юридикалык жана жеке жактар ​​менен алып келинген телефондордун IMEI-кодун каттоо үчүн ар биринен 100 сомдон алууну сунуштоодо. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" мыйзамына ылайык, IMEI-кодун каттоо бул байланышты каттоого кирбейт жана бул кызматка акы алынбашы керек. "Каттоо акысына 100 сом алынат" деген мыйзамга каршы келет.Ошон үчүн өкмөт токтом долбоорун кабыл алуудан мурда сунушталып жаткан кызматты мамлекеттик кызматтын жалпы реестрине киргизүү керек. Андан кийин тийиштүү актыларды иштеп чыгуу зарыл", - деди Какеев.

Эске салсак, 24-июнда Маалыматтык технология жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети телефондорду каттоодон өткөрүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарганы коомдо кызуу талкуу жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан