Издөөдө жүргөн мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновго байланыштуу тарап жаткан маалыматтардан улам Кыргыз Республикасы Беларусь өлкөсүнө нота жөнөттү

Беларусь жана Кыргыз жалпыга маалымдоо каражаттарында мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновго байланыштуу тарап жаткан маалыматтын негизинде, Кыргыз Республикасыны Беларусь өлкөсүндөгү элчисинин кызматын убактылуу аткарып жаткан Сергей Иванов Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Бул тууралуу министрликтин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Тышкы иштер минстрлиги Беларусь тарапка нота берген. Анда Кыргыз тарап өмүр бою эркинен ажыратылган Данияр Үсөновдун аталган өлкөдө жашап жана өзүнүн ишмердигин жүргүзүп жатканы эки өлкөнүн ортосунда кабыл алынган макулдашууларга туура келбестиги жазылган.

Ошондой эле министрлик Кыргыз тарап эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүп, бекемдөөгө аракет кылып жатканын, бирок Минсктин Кыргыздын соттолгон мурдагы аткаминерлерин колдоп жатканы, эки тараптын мамилелерине өз залакасын тийгизип, Кыргыз коомчулугунун нааразычылыгын жаратып жатканын белгилеген.

Кыргыз тарап Беларусь өлкөсүнүн бийлигин жаралган кырдаалды кайра карап көрүп, эки элдин ортосунда кабыл алынган документтерге ылайык эл аралык милдеттемелерди аткарууга чакырган.

Эске салсак, Беларусь маалымат каражаттарында издөөдө жүргөн Данияр Үсөнов Даниил Урицкий деген ат менен жүргөнү маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
rysik79
2018-07-29 00:06:19
Уурунун аты данияр усонов. Даниил урицкий дегени, баягы усондун беларуусскийге качкан данияр ууруский баласы дегени да. Тообоо....
+3
rysik79
2018-07-29 00:17:20
Даанаит Ууружигитский бул даниил уруцкий
+2
talant87
2018-07-29 04:07:32
Бизде баары болоберет дешет бирок жанылышат атка минерлер
+1
maks.kgz
2018-07-29 06:53:25
Хе жакшы ысым экен
+2
Pamirlan
2018-07-29 08:23:07
Чоңдор алып кирип эле жатышат, каягына жейт десе, болсоң чоң бол да азыр
-1
surgeon777
2018-07-29 08:33:21
Бул информация жарым жыл мурун эле чыкты эле го,бирок суроту башка болчу экен,эмне учун бийлик азыр реагировать этип атат,дагы бир маалымат чыккан Усенов Малайзияда каза болду деген,неге бийлик изилдебейт мындай маалыматтарды,бийликтин колу любой жерге жетмек,бир себептерден улам тийбей жатат го..
+2
Hatali
2018-07-29 08:50:43
Темадан да комментарийди жарыпсынар ...Куло берип ичим ооруп калды ...
+4
Aima94
2018-07-29 23:43:02
Hatali,ооба мен да ошентип жазайын дегем
0
Hatali
2018-07-29 08:55:57
Тобаа ынсап берсин озуно.Уялбай бети кызарбай мен аны олгон деп уккам дегенин кара .Эркек адам учун бул кылыгы ото уят нерсе .Туулган айлын ата журтун мекенин жок деп танган макулук.Негизи мындан отеон жаза жоктур бейиштей Кыргызстанга зар болуп отосунор го кайрандар.Куйоосу мамлекеттин каракчысы уурусу болгондон кийин аялын да депутаттыктан алыш керек бизге пайдасы жок анын.Алдап эле журот да ажырашканбыз деп.Кылбаган кылыгынпр калбады жеп жутарлар.
+5
Dalil
2018-07-29 09:19:30
Биздин бийлик жооп кайтпашын билсе да нота жөнөтө беришет экен. Биздин нотаны коңшу Тажикстан тоотпогон соң ушу килейген Белоруссия жооп бермек беле. Биздин бийлик же алсыз б.а эл аралык мамиледе аброю жок, же өздөрүнүн да арты таза эмес. Таза болсо канчалаган кылмышкер деп тапкан экс чоңдорду тутуп апкелип түрмөгө отургузуп коймок. Элди жөн алаксытуу үчүн сыртынан өмүр бою чечим чыгарды.
+1
surgeon777
2018-07-29 09:49:07
Э нота жоноткучтор!Силердин салам-дубайынарга Белорусь пыш этип да койбойт,андан коро башка аракеттерди коргуло!.
+5
Arsenal93.
2018-07-29 10:51:10
Кыргызстандан чыгарып кеткен акчалары менен канчага чейин жыргап жашайт экен коробуз.арам акча бир куну болбосо бир куну тешип чыгат ко.Даниилчик
+3
vikidiki
2018-07-29 11:13:59
Жакшылап жашынбайт беле, "кыныр иш кырк жылда билинет"денен озунун элинин уулу макалын унуткан го. "Ботон элге султан болгуча, оз элине ултан бол"дейт урматтуу Уринский! Биротоло бетине операция кылганга чамасы жеткен эмес го. Баары бир жазасын алат бир куну!
+4
Rifle_I
2018-07-29 12:02:52
Кыргызстнда эле ушундай иштегенде бирөө деп коет беле ?
Кызык эле, өзүбүздүн жерибизде уурдап, жеп жутуп, бизди баткакка отуругузуп кетишет да, башка жерге барып момун болуп ак иштеп калышат.
Ушул жепжутарлардын балдары, неберелери жашай турган жер го Кыргызстан. Өнүктүрүүгө аракет кылышпайбы, уурдай бербей.
+7
-Sumitra-
2018-07-29 13:23:01
Элдер бул кишинин миллиондорду уурдап жатканын оз козунор менен кордунорбу?Бакиевдин маалында жакшы эле иштеп жаткан болчу негизи.Буга да тирилик керек да.Эмне Кыргызстанга келип турмодо отуруш керек беле силердин оюнарда?Колунан келет экен Гилейген Белоруссияда Бакиевдин жанында иштеп атат.Мелисти да издеп тапкыла миллиондорду жеди деп.Ал да кытайда Ме Лишун болуп алгандыр)))))Колунардан эшектин тезеги келбегенден кийин элди дурболонго салбай эле койсонор болмок.
+1
Malik92
2018-07-29 13:24:55
Даниярдын суротун чыгарып элди алаксытпай эле койгулачы.Башыбызда кайгы турса.2-3кундун ичинде журналистибиз,орус улутундагы юристибиз,спорт чеберибиз сууга чогуп жатса,элинен качып кеткен,ата-журтун сатып кеткен Даниярды сенсация кыла бербегилечи жепжутаттар.Качып кеткендерди кайтарып бергиле деп нота эмес-ода,ария жонотсок да эч ким биздин чондорду тоготпойт.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан