Социалдык тармактарда Беларусь маалымат булактарынын бири жарыялаган сүрөттөр кызуу талкуу жаратууда. Тактап айтканда, "Беларусь улуттук биотехнология корпорациясы" ЖАКсынын курулушун баштоо учурунда тартылган сүрөттөн Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы премьер-министри, издөөдө жүргөн Данияр Үсөновду көрүүгө болот.
Маалыматта: "Беларусь улуттук биотехнология корпорациясынын" жетекчиси Даниил Урицкий экени жазылган. Бирок компаниянын жетекчисинин өмүр баяны сыр бойдон калууда. Сүрөттү көргөн кыргыздар "Беларуста жеке ишкерлик менен алектенген Даниил Урицкий - Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов" деген билдирүүлөрүн жазышкан. Ал эми иш-чаранын уюштуруучулары компаниянын жетекчиси журналисттерге эч кандай маалымат бербей турганын айткан. Аталган компаниянын кызматкерлери жетекчисин Даниил Тимурович Урицкий деп билерин айтышкан", - деп жазылган.
Эске салсак, 2009-жылы президенттин жарлыгы менен Игорь Чудиновдун ордуна Данияр Үсөнов өкмөт башчы болуп дайындалган. 2010-жылкы Апрель окуясынан кийин Үсөнов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. 2014-жылы Бишкек гарнизондук соту Данияр Үсөновду сыртынан өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.