1939-жылы 30-июлда Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач сейил багында орун алган Комсомол көлү салтанаттуу түрдө ачылган. Аземге жүздөгөн шаардыктар жана чет жакадан келген коноктор катышкан. Алар жай саратанында сууга түшүп, сергүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.
Жасалма көлдө сууга бийиктиктен секирүүчү тепкич, чатыр жана башка эс алууга ыңгайлашкан каражаттар болгон эмес. Комсомол көлүнүн күн чыгыш тарабында Пионер көлү жайгашкан. Бүгүнкү күндө аталган көл Бишкек шаардык мэриясынын кароосунда турат.
30-июлдун жылнаамасы.