20 күн мурун Түштүк Эңилчекте кырсыкка кабылган тик учак дале мөңгүдөн түшүрүлө элек. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева 1-августта кабарлады. Анын айтымында, тик учак кырсыгы боюнча түзүлгөн комиссия өз ишин жыйынтыктай элек.
"Аскер прокуратурасы менен Башкы штабдын кызмат адамдарынан турган комиссия түзүлүп, кырсыктын келип чыгышы боюнча жагдайды териштирип баштаган. Комиссия азырынча жыйынтык чыгара элек болгондуктан эч нерсе кыла албайбыз, учак эмне болуп кулаганы да азырынча белгисиз. Тик учак кулаган жеринде жатат", - деди Жарашева.
Басма сөз катчы Башкы штабдын аскердик машыгууларды өткөрүүгө жана куткаруу иштерин аткарууга дагы башка тик учактары бар экендигин кошумчалады. "Тик учактар бар. Азыр аскердик машыгуулар жана башка пландарыбыз өз нугунда уланып жатат. Бирок так санын айта албайм", - деди Жарашева.
Ал эми буга чейин Аскер прокуратурасы тарабынан кырсык боюнча кылмыш иши козголгону кабарланган.
Эске салсак, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учагы 9-июль күнү эртең менен Хан-Теңири чокусуна жакын жердеги Түштүк Эңилчек мөңгүсү тарапка кулап түшүп, ичиндеги төрт адам жаракат алгандыгы айтылган. Үчөө аскер кызматкерлери болсо, бирөө котормочу болгон. Алар Хан-Теңири чокусундагы чет өлкөлүк альпинисттерге тамак-аш, дары каражаттарын жеткирүүгө бара жатышкан.
Андан кийин аларды куткарып келүү үчүн дагы бир тик учак жиберилип, жалпы 6 адам Бишкекке алынып келип, дарыгерлерге өткөрүп берилген. Алардын ичинен япониялык жарандын абалы оор болгондуктан Бишкектеги №4-ооруканада операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.