Райымбек Матраимов боюнча соттун чечими өкмөткө түшө элек

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун доосу боюнча чыккан соттун чечими өкмөткө түшө элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директору Тимур Шамбетов билдирди.

"Соттун чечими азырынча келе элек, ал почта аркылуу келгендиктен 5-6 күндүн ичинде келет. Сот чечими менен таанышкан соң гана өкмөт кайра доо арыз береби же бербейби деген маселе каралып, чечилет", - деди Шамбетов.

Жогорку Соттун басма сөз кызматына байланышканыбызда, Биринчи Май райондук сотунун Райымбек Матраимовдун доосу боюнча чыгарган чечимин 27-июлда өкмөткө жөнөткөнүн билдирди.

Айта кетсек, 25-июлда Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарган.

Эске салсак, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Исаковду сотко берген. Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Bazake
2018-08-02 13:58:53
Раим 2010-жылга чейин катардагы бажы кызматчысы болгон. Революциядан кийин Ошко губернатор болгон Сооронбай Жээнбеков мунун "колу ийири" экенин билип калып иштен алганда Бишкеке келип Атамбаев менен шоопуруна 700 мин доллар карматып ишке орношкон. Бул боюнча Бекназаров менен Атамбаевдин телефон суйлошуусу далил. Ал эми акыркы 6 жылда Атамбаев Раимди калкалап, аны менен бөлүшүп, миллиондорду сол чөнтөккө салып келди. Эми Раимге АШАнын кол тийбестиги алынган куну иш козголот деп жатат.
-2
Miroslav
2018-08-02 15:01:26
Bazake,Жеенбеков Ошто губернатор болуп турганда 2010 жылы Ош коогаланында, мамлекетен болунгон акчаны жеенбековтор оз пайдасына ыйгарып алган деп айтып чыккан УВДнын началниги Абдылда Капаров айтайын дегеним таза чиновниктин озу жок.Раим Матраимовтун куноосу болсо сот кана далилдейт и жазага тартат.
+2
TalaCSKA
2018-08-02 14:26:31
Бийликтин кучун ушул Матраимов менен сынайт окшойбуз.соттун чечимине карабай бир дагы мамлекеттик кызматка жолотпосо анда бийликти сыйлайм.
+3
Bazake
2018-08-02 15:32:48
TalaCSKA,Атамбаевдин кол тийбестиги алынган куну Раим да камалат.
0
Nursbaike
2018-08-02 16:50:50
Bazake,тушунбогонум эмнеге кол тийбестик алынгандан кийин Эмне тиешеси бар
0
Chagylgan1
2018-08-02 17:55:01
Bazake, бул АШАнын жомокчусу, Сокенин жомокторун бул жакка ташып келет...

Болбосо Раим миллионерге кылмыш ишин козгоого эмне тоскоол болуп жатат айтчы, Сокенин Арзыматы... Же Раимдин да кол тийбестиги бар бекен?!!

Бул шылтоо, эптемей шылтоо.
+1
NURSAPAR
2018-08-02 15:15:59
Дааа.... заман кайда баратат. ..кимиси туура кимиси ийри экенин дале билбейсиң
0
Sahka
2018-08-02 15:22:46
Соз жок, кыскасы биринин этин бирин жегиле паранын кулдары
0
tnz
2018-08-02 15:39:32
Бул Матраимов Атамбаевдин кошелегу болгонун баарыбыз билебиз да Аны талашкандан эмне пайда
+3
bond02
2018-08-02 15:48:35
Адам байлыкка тойбойт экен да.
+5
Erik2018
2018-08-02 16:08:46
Матраимовду Атамбаев калкалап журуп ушул даражага алып келди. Анын арты менен бир топ байыды.
+1
Nursbaike
2018-08-02 16:52:21
ХХХ ХХХ интервью ала бересинер?!
+1
admin_media
2018-08-02 17:28:46
Nursbaike,Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Miroslav
2018-08-02 17:02:32
Кээ бир миллионер чиновниктерден айрымаланып Раим элге мамлектке кылган эмгегин,сооп иштерин мактанбайт,кайда барса тв,камерага тушпой эле сооп иштерди жасайт,жекече ойум.Мен тааныбасам да кылган иштерин коргом и угуп журом.
-3
Chagylgan1
2018-08-02 17:57:02
Miroslav, уурдап туруп, уурдаган акчасынын 1/100 бирин соопчулукка жумшаса соопчулук кылган болуп саналабы?!!

Соопчулук кылуу учун уурдоо керекпи?!!

Раимдин коррупционер экенин бешиктеги бала да билет... Билбегендер изилдоо жургузгуло пожалуйста.....
+2
Miroslav
2018-08-02 18:55:14
Chagylgan1,Ким корупцинер экенин далилдеди Миллионду,ушак ушак просто коро албастык.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан