1942-жылы 6-августта дзоттун амбразурасын төшү менен тосуп эрдик жасаган жана ал үчүн "Советтер Союзунун Баатыры" аталган Чолпонбай Түлөбердиев каза болгон.
Чолпонбай Түлөбердиев 1922-жылы Кыргыз ССРинин Талас облусундагы Киров районуна караштуу Чымкент кыштагында туулган. Эр жеткенде комсомолго өтүп, колхоздун түрдүү жумуштарында иштеген. 1941-жылы сентябрь айында аскерге чакырылып, 1941-жылы согушка кирген.
Ал гитлердик баскынчылар менен болгон айыгышкан кармашта Воронеж облусундагы Георгиу-Дежский районундагы Селявный кыштагын бошотууда 1942-жылы 6-августта душмандын амбразурасын (пулемёттон ок чачып турган дзотту) денеси менен жаап, баатырларча курман болгон. Мындай эрдиги үчүн Чолпонбай Түлөбердиев көзү өткөн соң 1943-жылы 4-февралда "Советтер Союзунун Баатыры" деген наам менен сыйланган.