Таластагы Алмалуу-Тоо жайлоосунда кайрадан өрт чыгып, аймакка өзгөчө кырдаал киргизилди (сүрөт)

Талас облусунун Манас районундагы Алмалуу-Тоо жайлоосунда кайрадан өрт чыгып, аймакка өзгөчө кырдаал тартиби киргизилди. Бул тууралуу 6-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, жайлоодо 28-июлда өрт чыгып 4-август августта өчүрүлсө, 5-август күнү саат 17:00дө өрт кайрадан тутанып кеткен. Болжол менен жалпы 2000 гектар куураган чөп жана бадалдар күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө министрликтин өрткө каршы бөлүмдөрүнүн, милициянын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар болуп жалпы 350 адам тартылган.

Район акиминин 1-августтагы буйругунун негизинде аймакка “өзгөчө кырдаал тартиби” киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан