Кыргыздар байыртадан каада-салтын туу туткан. Ар кандай каада-салтка, ырым-жырымдарга тарыхы бай эл кийимдерге да өзгөчө көңүл бурган. Ар бир кийимге түшүрүлгөн оймо-чийменин өзүнчө тарыхы болуп ал өзүнө терең философиялык ойду камтыган. Көрөңгөлүү кыргыз эли адамдын баш кийимин карап анын жашын, кайсы уруудан экенин жана социалдык абалын да эч кандай суроо узатпастан билип коюшкан.
Айымдардын баш кийимдери байыртадан ар түрдүү болгон. Алар баш кийимдерди өзүнүн жаш өзгөчөлүгүнө жараша гана кийишкен. Төмөндө сөз көп кырдуу жана өзүнө көптөгөн сырларды камтыган элечек жөнүндө болмокчу.
Элечек - аялдардын баш кийимдеринин татаал түрү. Тарыхта элечекти илеки, келек деп да атап коюшкан. Элечек өлкөнүн ар кайсы аймагында жаш куракка жараша ар кандай оролуп, ар кандай формада болгон.
Тарыхта 20 жашка толо элек келиндер артына турнанын же үкүнүн үлпүнчөктүү канаты жана ээк алгычы бар элечектерди кийишкен. Бул элечектерге айланта күмүш шуру же сайма сайылган тасма тагышкан.
30 жаштан өткөн айымдардыкы элечек артына карай жыгылтылып, маңдайы түз тартылып кооздолгон куйрукчасы чыгарылган. Ал эми 50 жаштан жогору жаштагы аялдардын да элечектери артына карай кыйшайтылып үстүнөн жоолук жамынышкан. Аялдар элечекти жайы-кышы дебей үй ичинде да, сыртта да оронушкан. Аталган баш кийимди башынан жатар алдында гана алышкан.
Элечектин ичинен кеп такыя же чач кеп кийишкен. Аталган баш кийимдер да көп түрдүү болгон. Кеп такыя ак кездемеден, маңдайы түз, жаакчалары түшүрүлүп тигилген. Ар бир жаакчасына сайма түшүрүлүп, ар кандай кооз шурулар менен шөкөттөлгөн. Такыянын желкесинен болсо чачты жаап тургандай куйрукча түшүрүлгөн.
Азыркы учурда көптөгөн жаш дизайнерлер элечектердин түрүн чыгарып ар кандай көргөзмөлөрдү өткөрүп жатканын көрүүгө болот. Бир тарабынан улуттук баш кийимдин унутта калбай заманга жараша жасалып жаткандыгы сүйүндүргөнү менен, экинчи тарабынан элечекти ороо, жасоо ыкмалары бузулуп жаткандыгы өкүндүрбөй койбойт. Кыргыздын ар бир оймо-чиймесинин өзүнчө чечмелениш мааниси болгон. Буга карабастан азыркы тапта баш кийимдерге илгери жерге салынуучу ала кийиз, шырдакка түшүрүлгөн оймо-чиймелердин түшүрүлүп жатышы - бул алмустактан бери келе жаткан маданий мурастарыбыздын түпкү нускасы бузулуп, бурмаланып жаткандыгынан кабар берет.
"Азыр карасаң элечек деп эле бир нерселерди чыгарып жатышат. Бул туура эмес. Мындай улана берсе чыныгы элечек унутта калат. Элечек өзү кеп такыядан, ички бөлүктөн турат. Элечекке 18 метр кездеме орогон. Кыргыз эли көчмөн эл болгондуктан жолдо бала төрөлүп, адам каза болгон учурлар болгон. Ошондой учурда энелердин башындагы 18 метр кездемеден кесип алып, жаңы төрөлгөн наристени, каза болгон адамдын сөөгүн орошкон. Андан сырткары баштагы оор элечек байбичелерди акырын, түз басууга үйрөткөн. Карагылачы, бир гана баш кийимдин ичинде эмне деген сыр, кандай гана терең философия жатат. Дал ушул элибиздин өзгөчөлүгү болгон мурастары бузбай, бурмалабай сактап келечектеги муунга өткөрүп берүү - бул биздин тарых алдындагы милдетибиз", - дейт кол өнөрчү Жамбы Карыбекова.