Чүй облусунда дайынсыз болуп изделип жаткан 52 жаштагы Ч.Б. аттуу таксист мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 7-августта Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз өкүлү Нургүл Нусупова кабарлады. Анын айтымында, маркумдун моюнуна жана бир нече жерине бычак сайылган.
Маалым болгондой, факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалды жана тергөө иштери башталды.
"6-август күнү Ысык-Ата районундагы Жээк айылынын 51 жаштагы Ч.М. аттуу тургуну райондук милицияга кайрылып, 52 жаштагы Ч.Б. аттуу күйөөсү 5-август күнү Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаасы менен саат 19:30 чамаларында үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин айтып, издөөгө жардам берүүнү өтүнгөн. Жазылган арызда Ч.Б. такси айдап жүрүп ошол бойдон дайынсыз жоголгону көрсөтүлгөн. Издөө иштеринин алкагында 6-август күнү саат 21:50 чамасында изделип жаткан Ч.Б. аттуу адамдын унаасы Кант шаарына жакын жердеги Хунчи айылынан табылган. Унааны кароодо кандын тактары болгон. Издөө иштерин улантуу учурунда 7-август күнү эртең мененки саат 9:00 чамасында Кант шаарына жакын жердеги айдоо талаасынан Ч.Б.нын бычакталып каза болгон жансыз денеси табылды. Бычак маркумдун моюнуна жана денесинин бир нече жерине сайылган", - деди Нусупова.
Нусупова учурда кылмыштын бетин ачуу үчүн ИИМ, ОИИББ жана РИИБдин тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган ыкчам-тергөө тобу түзүлгөнүн кошумчалады.