Бүгүн жарандык активисттер Суракматовдун мэр болуусуна каршы акция өткөрөт

Бүгүн, 8-августта жарандык активисттер Азиз Суракматовдун мэр болуусуна каршы акция өткөрөт. Бул тууралуу митингдин уюштуруучулары социалдык түйүндөгү баракчаларына жазышты.

Алар Азиз Суракматовду бир ууч эле адам мэрликке алып келип жатканы туура эмес экенин айтышууда.

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри шайланат. Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция Азиз Суракматовду мэрликке талапкер кылып көрсөткөн. Шаардык кеңештеги оппозициялык фракция "Республика-Ата Журт", өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев талапкер сунуштабай турганын билдирген.

Мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкерди сунуштоо укугу шаардык кеңештеги фракцияларда, коалицияларда жана премьер-министрде бар.

Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду кызматтан кетирүү токтомуна кол койгон.

Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Ибраимов УКМК тарабынан кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан