Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды. Бул чечим БШКнын кароосунан кийин күчүнө кирет

Бүгүн, 8-августта Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды. Добуш берүүдө 43 депутат "макул", 1 депутат каршы болду. Добуш берүү жашыруун өттү.

Шаардык кеңештин депутаты Валентина Лисниченконун сунушу менен шаар мэрлигине талапкердин программасын укпай туруп добуш берилди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов SUPER.KG порталына билдиргендей, бул чечим аталган комиссиянын кароосунан кийин күчүнө кирет. "Бишкек аймактык комиссиянын добуш берүү жыйынтыгы боюнча чечими БШКга келет. БШК чечимди бекитип, жарыялайт. Андан кийин күчүнө кирет", - деди Бекматов.

Шайлоо өтүп жатканда жарандык активисттер мэриянын алдына чогулуп, шаардык кеңештин таркашын жана мэрди эл шайлоосу керектигин айтышты.

26-июлда шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Азиз Суракматовду мэрликке талапкер кылып көрсөткөн. Ал эми оппозициялык фракция "Республика-Ата Журт", өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев талапкер сунуштаган эмес.

Мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкерди сунуштоо укугу шаардык кеңештеги фракцияларда, коалицияларда жана премьер-министрде бар.

Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду кызматтан кетирүү токтомуна кол койгон.

Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Ибраимов УКМК тарабынан кармалган.

Суракматовдун өмүр баяны

Азиз Суракматов 1971-жылы 22-ноябрда Бишкек шаарында туулган. Ал 1994-жылы Кыргыз архитектуралык курулуш институтун инженер-куруучу адистиги боюнча бүтүргөн.

1996-жылы Кыргыз улуттук университетинен юрист адистиги боюнча билим алган.

1994-1995-жылдары - “Шоола” ишканасынын өндүрүш мастери;

1995-1996-жылдары - “Кыргызпотребсоюз” Бишкек ПМКсында өндүрүш мастери;

1996-1999-жылдары - Бишкек башкы архитектурасында инженер;

1999-2000-жылдары - “Консалтингдик-эксперттик фирма” ЖЧКсынын директору;

2000-2002-жылдары - Бишкек шаарынын мэриясында башкы адис;

2002-2008-жылдары - Бишкек башкы архитектурасында башкы архитектордун орун басары;

2008-жылдын ичинде - Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы;

2008-2010-жылдары - Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы;

2010-жылы - “Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

2015-жылдан тарта "Елизавета" курулуш компаниясында инвестиция боюнча директор болуп эмгектенген.

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо учурунда активисттер митингге чыгышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан