Бүгүн, 8-августта Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өтөт. Ага талапкер катары Азиз Суракматов гана көрсөтүлгөн. Анда шаардык кеңештин депутаттарынын добушу менен мэр шайланат. Буга байланыштуу жарандык активисттер мэриянын алдына чогулуп, шаардык кеңештин таркашын жана мэрди эл шайлоосу керектигин талап кылып жатышат.
Учурда мэриянын алдына жарандык коомдун өкүлдөрү чогула башташты. Алар "Шаардык кеңеш таркасын" деген жазууларды колдоруна кармап алышкан.
Шаар мэрин шайлоого каршы болуп келгендердин арасында экс-депутат Равшан Жээнбеков, активист Адил Турдукулов, Айбек Бузурманкулов, Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочу Калича Умуралиева, журналист Канышай Мамыркулова жана башка активисттер жана шаар тургундары бар.