Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун доосу боюнча чыккан райондук соттун чечими өкмөткө түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директорунун орун басары Мирлан Дордоев билдирди.
"Бизге Биринчи Май райондук сотунун чечими 6-августта келген. 24-августка чейин чыккан чечимге карата арыз берүүгө убакыт бар. Учурда бул маселени карап жатабыз. Арыз берүү такталып чечиле турган маселе. Азыркы тапта ошол иштер аткарылууда", - деди Дордоев.
Айта кетсек, 25-июлда Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарган.
Эске салсак, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Исаковду сотко берген. Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылган.