Президент чечимди кабыл алып буйрукка кол коймоюнча айылдык кеңеш таркады дегенге болбойт. Мындай пикирин SUPER.KG'ге Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Бекматовдун айтымында, айылдык кеңеш өзүн-өзү таркатуу маселеси сессияга чогулуп өздөрүнүн регламентине ылайык добуш бергенден кийин чечилет.
"Сессияга катышкан депутаттардын 2/3 бөлүгү "таркасын" деп добуш берсе, анда кеңеш таркаган болуп эсептелет. Добуш берүү ар бир кеңештин өздөрү кабыл алган тартипте өтөт. Таркатуу боюнча чечим бизге келип, андан кийин гана президентке сунуш жөнөтүлөт. Президент таркатуу боюнча сунушту кабыл алса шайлоо күнүн белгилейт. Шайлоо мөөнөтүнөн мурда болуп жатканы үчүн мыйзамдагы 60 күн кыскарып, 45 күн ичинде өткөрүлөт.
Президент сунушту кабыл алып, буйрукка кол коймоюнча айылдык кеңешти таркады деп айтууга болбойт. Ошондой эле кайра айылдык кеңеш шайланганча айыл өкмөтү иштей берет", - деди Бекматов.
Айта кетсек, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылдык кеңеши айыл өкмөт башчысына нааразы болуп өзүн-өзү тараткан.