Ат-Башы районунда айыл өкмөткө нааразы болгон айылдык кеңеш өзүн-өзү таратты

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылдык кеңеши айыл өкмөткө нааразы болуп өзүн-өзү таратты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган айылдык кеңештин төрагасы Жаныбек Иманкулов билдирди.

"Айыл башчы өз билемдик менен иш алып барат, айылдык кеңештин токтому жок каражаттарды айылга кереги жок нерселерге колдонуп жиберген. Айылдык кеңештин айткандарын укпайт. Айылдагы карьерди дагы коңшу айылдын казуусуна уруксат берген. Ошол маселени тактайлы, сүйлөшөлү деп кезексиз жыйынга чакырсак келбей койду, жогорку бийликке да кат жазсак жооп жок. Ошол себептен бизди укпаган айыл өкмөткө нааразычылык иретинде айылдык кеңешти таркаттык, 21 депутаттын 14ү кол коюп берди. Үнүбүз эч жерге жетпей койду", - деди Иманкулов.

Айыл өкмөт башчысы Шекербек Кабаевге кайрылганыбызда, курулай доомат экенин, расмий түрдө айылдык кеңеш тарай электигин билдирди.

"Бир апта мурун эле сессия болуп, айыл өкмөттүн 6 айлык ишине жакшы баа берип, кабыл алышкан. Каражатты мыйзамсыз жумшаган деген айыбы боюнча айта турган болсом, биз айыл өкмөт үчүн ноутбук алганбыз, аны ошол айылдык кеңештин төрагасы менен кеңешип алганбыз.

Карьер боюнча айтсам, ал жерди кытайлык жумушчулар жол салганда алышкан, анан коңшу айыл да бизге айтпай алып жатыптыр. Барып алар менен кеңештик, жолдун курулушу жүрүп жатты эле, жол жалпыбызга керек дегенинен ошол айылдык кеңештин төрагасы болуп кеңешип, уруксат бергенбиз.

Кезексиз жыйынга келбей калганымдын себеби райондун борборуна айыл өкмөт башчылары Көчмөндөр оюндары боюнча иш-чарага чогулуп, өзүм келе албай калдым, бирок тийиштүү адамдарды жөнөткөм. Таркайбыз деген чечимине айрымдарга үйүнө барып кол койдурушуптур. БШКнын өкүлү да келди, ал мындай жол менен тарап кетүү менен айылдык кеңешти тарап кетти деп айтууга болбой турганын билдирди. Жыйын уюштуралы, сүйлөшөлү деп чакырсак, депутаттар дагы, төрага өзү дагы келбей койду", - деди Кабаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talant87
2018-08-09 21:29:42
Демек ишенбестик корсотсонор озу кетет А/О башчы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан