Социалдык тармактарда милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулайдын жансыз денесиндеги жазуулар бар делген сүрөттөр тараган. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда, ал тактар Бурулайды жандандыруу иштери жүрүп жаткан мезгилде колдонулган дефибриллятор аппаратынын издери экенин Республикалык соттук-медициналык экспертизалар борборунун директорунун орун басары Эрнис Акунов билдиргенин айтты.
"Эксперттик топ тергөө органдарына каза болгон кыздын жакындары жүргүзүлгөн 1-экспертизанын жыйынтыктарына канааттанбай, анын денесинде кандайдыр бир жазуулар болгон деген маалыматты айтып жаткандыгын билдирип, денени эксгумация кылуу жөнүндө кат менен кайрылган. Бирок кыздын ата-энеси эксгумациядан баш тартышкан", - дейт маалымат кызматы.
Ал эми 2-экспертиза 2018-жылдын 11-июлунан 3-августка чейин жүргүзүлгөн. Эрнис Акуновдон тышкары комиссиялык топко Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын соттук-медицина кафедрасынын жетекчиси, профессор Мукамбет Мукашев жана жогорку категориядагы врач-реаниматолог, дефибриллятор менен иштөө тажрыйбасы бар №3-улуттук госпиталдын жетекчиси Т.Текебаев кирген.
"Эксперттик топ Жайыл аймактык ооруканасынын дарыгерлерине кошумча маалымат үчүн кайрылганда, алар жандандыруу иштери жүрүп жаткан учурда бейтаптын денесине дефибриллятор аппаратынын электроддору коюлганын билдиришкен. Ошондой эле дарыгерлердин бири дагы кыздын денесинде кандайдыр бир жазууларды көргөн эмес", - деп билдирди маалымат кызматы.
Мындан сырткары, эксперттик топко фотоматериалдар берилген. Аларды дыкаттык менен карап чыккан маалда жазууларга окшогон издер бул дефибриллятордун электроддорун көп жолу койгондогу калган издер экенин Эрнис Акунов билдиргенин маалымат кызматы кошумчалады.