"Милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулайдын кунун эч ким 2 миллион сомго баалаган жок!" дейт жабырлануучу тараптын жактоочусу

Интернет булактарында, тактап айтканда, ютуб каналында "Мына сага! Бурулайдын өлүмү үчүн 2 миллион сурашты" деген видео тараган. Мындай кабарды ким жасаганын жабырлануучу тараптын жактоочусу Назира Абдумоминова издеп жатканын айтып, буга карата тийиштүү чара көрүлө турганын билдирди.

"Бурулайдын кунун эки миллионго баалады деп видеодо айтылып жатат. Бул деген журналисттик этикага жатпаган жана элдин оюн туура эмес нукка буруп жаткан маалымат. Биз анын өлүмүн акчага баалаган жокпуз. Ал жерде, тактап айтканда, соттук отурумда материалдык жана моралдык чыгым тууралуу сөз болуп жатат. Бурулайдын ата-энеси акча үчүн эмес, кызын өлтүргөн жарандын соттолушу үчүн акыйкат издеп соттошуп жүрүшөт. Алар мага башында эле эч кандай акча жөнүндө сөздүн кереги жок деп айткан. Бирок биз "сиз короткон чыгымды төлөп бериш керек" деп айтып жатып аталган суммада доо койгонбуз. Анда да Турдали Кожоналиев эгер ошол акча өндүрүлө турган болсо кызым окуган медициналык колледжге стипендия кылып котором деп жатат.

"Өлгөндүн үстүнөн көмгөн" кылган бул туура эмес. Ушул видео тасманы ким жазаган болсо бизге байланышка чыксын. Себеби биз азыркы учурда териштирип жатабыз. Алдыда дагы да мындай өңүттө бизди каралаган материалдар пайда болушу мүмкүн. Андыктан чараны эрте колдонуп, укук коргоо органдарына кайрылуубузга туура келүүдө. Видеону канча адам көрүп жатат. Алардын ою өзгөрүп, Бурулайдын атасы жөнүндө пикирлери туура эмес нукка бурулушу мүмкүн да", - дейт ал.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак: Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
barakcha
2018-10-18 10:46:44
Бурулайдын атасында кептин баары!Эми 2млн.акча деп уялбайт!Ушинтип акча деп самсаалабай кызына куран окуп уйундо отурса пайдалуураак болмок.
+1
zhaku2017
2018-10-18 12:00:01
Ар бир жаран моралдык жана материалдык компенсация ондургонго укугу бар. Андыктан 2млн сом ото аз. 5 млн салса туура болмок. Адам омуру кыйылып жатат.
-4
patiydin
2018-10-18 14:14:24
zhaku2017,СИЗдер эмне ар Бир нерсени акча менен олчоп калгансынар?
+5
Baku88
2018-10-18 18:34:09
Адвокат дагы өлгөнү калган го сукулдап ай мончоктой болгон кыз өлүп жатат а булар ач калган иттей болуп шилекейин агызып акча сурап жүрүшөт күнөөлүү болсо камалсын
+8
barakcha
2018-10-18 19:07:39
Дагы бир жолу айтам.Бул аксакал кызынын тандоосун,сезимин сыйлабаса дагы кызынын арбагын сыйлап "акча"дегенди тап такыр оозуна албаса жакшы болмок!Албетте куноолуулор жазасын алсын!Бирок,акча ондурот элем деп чуркаганы ото уят иш.
+11
Pchelka85
2018-10-19 10:00:01
Ии стипендия кылып берем деп. Ошол канга кун болуп келнен стипендия ким алгысы келет же кимге жакшылык алып келет????? Атасынын жон эле шылтоосу да. Адвокаттарга жамынып.. 2 миллион деп.. деги бул киши озун жакшы реклама кылды кызынын куйуту куч болуп турганда улам улам интервью берип журду эле. Эми 2 миллион деп.
+5
Azatbek.Svoboda.
2019-01-13 01:23:05
Кыз суйсо жон койбой байкуш кыздар Ата-Энесинен коркушуп оздору суйгондорго жетпей калышып жаман нерселер болуп кетип жатат! Ооба Ата-Эне балдарын кыздарын жакшы жерге тушсун дей!А бирок кээбири акчага кызыгат беш кол тен эмес!
+1
Aidar151080
2020-08-19 07:34:12
Бул эмне деген шермендечилик?. Кызынын арбагын тынч жаткырып койбой. Бул атага кызы эмес, акча керек окшойт. Калп эле соттор иштебей жатат деп.
Токтот, мындай кылыгыңды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан